1. Депутат – ал эл өкүлү. Калктын калың катмарынын көйгөйлөрү менен жакындан таанышып, аларды чечүү аракеттерин масса менен бирдикте иштеп чыгуу ал жаатта мамлекеттик бийлик бутактары менен кызматташууну жолго коюу. Билим менен элдин ортосундагы ажырымды жоюу.
  2. Өзүн-өзү башкаруу системасын өркүндөтүү анын иштелип чыккан туруктуу схемасын калктын калың катмарына жеткизүү, кылымдардан бери калыптанып иштеп келе жаткан улуттук башкаруунун жоболорун коомчулук менен иштеп чыгуу. Алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү аракеттеги коомдук уюмдарды негиздөө.
  3. Калктын акыл казынасын жалпы элдин кызыкчылыгына буруу. Акылман инсандардын баштарын бириктирүү менен «Акыл ордо» коомдук Кеңештерин түптөө. Ысык-Көлдүн касиеттүү жети Акесинин осуяттарын муундардын көөнөргүс казынасына айлантуу максатында коомдук башталышта Акелер институтун калыптандыруу. Ал багытта атайын басылмаларды иштеп чыгуу коомдук пикирлерге таянуу менен чечим кабыл алуу.
  4. Коомду өзгөртүүчү күч – ал билим берүү системасы, бул система түп орду менен реформа кылууга муктаж. Бул багытта иштелип чыккан Программаларды окумуштуулардын сынагынан өткөрүп, эл агартуу министрлигине сунуштоо, анын аткарылуусун көзөмөлгө алуу.
  5. Өлкөбүздүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө карата даярдалган Программаны мамлекеттик органдарга сунуштоо. Коомдук башталышта Дыйкандар бирдигин түзүү. Үрөнчүлүк багытында иш жүргүзүп келишкен илимий борборлордун баштапкы статусун калыптандыруу. Шаар жериндеги социалдык муктаждыктарды жоюу. Элдик пикирлерин эске алуу менен чечим чыгаруучу «Ынтымак бирикмелерин» калыптандыруу.