Айыл чарбасы боюнча:

Дыйкандарды сертификатталган сапаттуу үрөндөр (арпа, буудай, картошка, көп жылдык беде) менен камсыздоону жана аларды пайызсыз насыя аркылуу берүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу (муну менен азык-түлүк коопсуздугу чечилмек), айыл чарба багытындагы мамлекеттик резервдик фондду кеңейтүү, дыйкандардын талаачылык иштерине күйүүчү майлар менен ез убагында камсыздоону (мамлекет алдын-ала запасга кармаш керек) караштыруу;

Мал чарбасы боюнча:

Эт жана сут багытындагы пародалык уйлар менен букаларды 5-8 жылдык меенетке лизинг аркылуу беруу (айыл чарба министрлиги менен фермерлердин жеке өнөктөштүгүнүн негизинде), алыскы жана тоолуу климатыбызга байланыштуу насыяларды күрөөсүз (залогу жок) узак мөөнөткө берүү (айыл өкмөтү фермер-дыйкандарга күрөө ордуна милдеттүү турдө кепил болушун мыйзамдаштыруу насыя берүү мекемелери айыл өкмөттүн чечимин тааныш керек).

Социалдык маселелер боюнча:

Ак-Суу жана Түп райондорунун көпчүлүк айылдарын «бийик тоолуу айылдардын категориясына» киргизүүнү талап кылуу, жетим жесирлердин, аз камсыз болгон үй булелердун балдарына берилген желек акчаларынын келемун инфляцияга жараша жогорулатууну талап кылуу Ак-Суу жана Түп райондорунун көпчүлүк айылдары «бийик тоолуу айылдардын категориясына» кирип калса, пенсияга чыгуунун жаш курагына өзгөтүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамды иштеп чыгуу.

Илим-билим маселери боюнча:

Жетим-жесирлердин, аз камсыз болгон үй бүлөлердүн балдарына атайын, орто (лицейлерде менен колледждерде) жана жогорку окуу жайларында мамлекет кепилдеген атайын квоталарды берүүнү сунуштоо (билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте); Ысык-Көл областтык ооруканалар бирикмесинин базасы менен Каракол медицинапык колледжинин базасын айкапыштыруу менен медициналык кызматкерлерди даярдоону кеңейтүү (билим берүү жана илим министрлиги жана саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте), мамлекеттик окуу жайлардагы студенттердин стипендиясын жогорулатуууну сунуштоо.