1. Элдин үнүн бийликке жеткирүү.

Биздин өлкөдө элдин үнү дайыма эле бийликке жете бербегени негизги көйгөйлөрдүн бири. Ар бир айылда жарандарды арыз менен кабыл алуу үчүн мамлекеттик кеңселер пайда болот.Биз бул кайрылууларды мамлекеттик органдарга сурөйбуз.

  1. Айыл чарбасын өнүктүрүү.

Фермер менен керектөөчүнүн ортосундагы байланыштын жоктугу айыл чарбасынын өнүгүшүнө тоскоол болууда. Мында кескин чаралар айыл чарбасындагы экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатып эле тим болбостон, калктын ички аймактардан кетүүсүн азайтып, жумуш орундарын көбөйтүп, өлкөнүн азык- түлүк коопсуздугун бекемдейт.

  1. Аймактардагы мектептерде билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу.

Аймактык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу зарыл.

  1. Жумушсуздукту азайтуу.

Жумушсуздуктун деңгээлинин өсүшү өлкөнүн дагы бир актуалдуу көйгөйү. Чакан ишкерликти колдоо жана түзүү бул көйгөйдү чечет. Ошондой эле кыска мөөнөттүү кайра даярдоо курстарын уюштуруу зарыл.

  1. Туризмди өнүктүрүү.

Ысык-Көл өлкөбүздөгү жалгыз туристтик борбор эмес.Жогорку категориядагы спортчуларды реабилитациялоо жана даярдоо борбору катары өлкөнүн мурдагы даңкын кайтарып дүйнолүк маанидеги спорттук мелдештерди уюштуруу зарыл.