Кучтуу аймак – кучтуу мамлекет!

Кыргызстан көз карансыздыкты алган 30 жыл аралыгында, бир нече сыноолордон өттү. Толкундоолор, бийлик алмашуулар орун алды. Жыйынтыгында дээрлик көпчүлүк округдар дотацияда калды. бул көрүнүштөр, буга чейинки бийликтин аймактарга тийиштүү көнүл бурбаганынан кабар берет.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча мыйзамдын 18-беренесине ылайык, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчысы  бир топ маселелерди чечүүгө тийиш.

Бирок, акча каражат жок, ал беренедеги маселелер чечилбей. Жергиликтүү бюджеттин баары мектептердин ремонтуна, жылытууга, жарыктандырууга ж.б. кетет.Жергиликтүү бюжеттин киреше бөлүгүн  салык жана ижарадан түшкөн акчалар түзөт.Мындай суроо туулат:  канткенде жергиликтүү бюжеттин көлөмүн чонойтобуз, эгер  башка киреше булагы болбосо. Мектептердин ремонт, жылытуу жарыктандыруу ж.б. чыгымдарынын баарын мамлекет өз мойнуна алууга тийиш. Жергиликтүү бюджет жаны муниципалдык мекемелерди ачууга сарыпталууга тийиш. Жумуш ордун түзүү менен.Жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгүнө жаны булактар түзүлүүгө тийиш.Мектеп директорлор менен мугалимдер мектептин ремонтуна тартылбашы керек.Мектепти ремонттоо жана чыгымдарын тарткан мамлекеттик денгээлде жаны институт ачылышы керек.

Аймактардагы жашоочуларды женилдетилген кредит менен камсыз кылууга тартылган ресурстарды эффективдуу пайдалануу.

Женилдетилген кредиттерди таратуу максатында мамлекет бир топ ресурстарды таап жатат. Бирок табылган каражаттарды бөлүштүрүү, таратуу механизмдери жолго койулбагандыктан, натыйжа чыкпай келүүдө.Өзүнүздөр билгендей эле, бул ишчараны алып барууга  мамлекеттин финансы институттары жок. Адатта бул каражатты таркатуу учун комерциялык банкттар тартылат. Туура, башкаруу пакети мамлекетке тиешелуу бир нече комерциялык банктар бар. Бирок маселе ошол банкттардын укуктук формасы комерциалык болгонунда болуп жатат.Кыргызстанда орточо комерциалык кредиттин пайыздык көрсөткүчү жылына 21%.Демек, мамлекет аталган банктарга 10% менен кредит тараттырыш учун, 11% чыгымын жаап берүүгө тийиш. Болбосо аталган банктар башка банкттардын атаандаштыгына туруштук бере албай калат. Мамлекет айла жок ошол кадамга барып жатат.Мен, бул маселени чечүү жолун сунуштайм.

Мамлекет ар бир айыл округда өкүлү бар финансы институтун түзүүсү зарыл.

Түзүлүүчү финансы институту Улуттук банкка тиешеси жок укуктук формада болуусу абзел.

Штаттын деле көп болуусу керек эмес. Бир округка 2 жогорку денгээлде кызмат кыла алган адис жетет.

Каражаттарды ссуда түрүндө таратуу керек. Кошумча чыгымы жок женилдетилген ссуда берүүгө болот.

Энергетикалык коопсуздук:

Географиялык орду менен Кыргызстан таза суу менен мөнгүлөрдүн ээси болгон бирден бир мамлекет.

Энергетикалык ресурстар саясий рычагдарга айланды. Ошого байланыштуу мамалекет өзүнүн энергетика системасын кайра карап чыгууга тийиш.

Кичи ГЭСтердин өнүгүүсүнө кенен  шарт түзүлүшү керек.

Келечекте Кыргызстан электр энергиясын ири өлчөмдө  экспорттогон мамлекетке айланышы керек.

Ал учун ортомчу компаниялардын баарын эмитен жоюп баштоо керек.

Программада көрсөтүлгөн маселелерди чечүү үчүн улуттук парламенттин трибунасы зарыл. Дал ошол трибунага жетуу максатында №35 округдан Жогорку Кенештин депутаттыгына барууну көздөдүм.