Мен  сунуштап жаткан программа –менин ишкерчилик жана бизнес чөйрөсүндөгү иштеримдин жыйынтыгы, салык чогултуунун, социалдык ж.б. төлөмдөрдү түшүрүүнүн эсебинен мамлекеттин бюджетин толуктап жатышкан бизнестин өкүлдөрү, ишкерлер жана тиешелүү уюмдар менен жүргүзүп жаткан ишим болуп саналат.

Мен өзүмдүн программамда бир нече багыттарды белгилегим келет.

Акыркы жылдары өлкөбүздө бир нече мамлекеттик ири социалдык долбоорлор даярдалган. Экономикадагы олуттуу кризистик көрүнүштөргө жана бюджеттин дефицитине карабастан мамлекет орто жана чакан ишкерчиликти колдоо багытын өзгөрткөн жок. Биздин округдун жашоочулары туш болуп жаткан проблемалар көп жагынан жалпы эле Кыргызстанда жашагандардын көйгөйлөрүнө жакын. Менин программамдын ар бир пункту өлкөбүздө, анын ичинде биздин округда ишкерчилик, ошондой эле социалдык чөйрөсүндө болуп жаткан маселелерди чечүүгө багытталган:

-коомдук кирешелерин калыс бөлүштөрүү;

-элди жакырчылыктан коргоо. Муну чечүү көпчүлүктүн эмгектенүү укугун, эркиндигин камсыздоо, алардын ишкерчилик боюнча аркеттерин аларга төмөнкү пайыздык ставкалар менен мамлекеттик кридиттерди берүү, салыктык төлөмдөрдөн ж.б. жыйымдардан бошотуу аркылуу мүмкүн болот;

-элди бийликтин кысымынан коргоо;

-мамлекеттин эффективдүүлүгүн жогорулатуу.