
- Экономика – өнүгүүнүн кыймылдаткычы
- айыл жергесинде айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды, цехтерди ишке киргизүү;
- жеңил өнөр-жай тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар бир айылда жок эле дегенде бирден чакан, адистештирилген тигүү цехтерин куруу;
- дыйкандар үчүн айдоо жерлерине болгон салыкты жеңилдетүү;
- мал жана дыйкан чарбачылыктарды өнүктүүрүү үчүн жеңилдетилген насыялардын көлөмүн көбөйтүү;
- Заманбап сапаттуу билим берүү
- педагогдорду ар тараптуу колдоого алуу, алардын турмуш-шарттарын, кадыр-баркын арттыруу боюнча жигердүү иштерди улантуу;
- мугалимдер менен окуучуларды жаңы компьютерлер, электрондук китеп жана окуу куралдары, усулдук колдонмолор менен камсыз кылуу;
- бардык билим берүү мекемелерин үзгүлтүксүз, акысыз интернет-байланыш менен камсыз кылуу;
- ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ДЕН СООЛУК
- сапаттуу жаңы технология, медициналык жабдуулар менен камсыз кылынган ооруканаларды куруу;
- айылдардагы ФАПтардан баштап ооруканаларыбызды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу;
- дары-дармек менен камсыз кылуудагы мафиялык, коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамыры менен жоюу;
- улуттук фармацевтикалык өндүрүштү жолго коюу;
Мен, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсүп, жакынкы келечекте кубаттуу мамлекетке терең айланаарына ишенем.