Жаштар –  кайсы гана коомдо болбосун алдыңкы катарда. Жаштар гана өлкөнүн келечегин аныктайт.

Мен жаш муундар үчүн. Биз жаштардын бакубат жашоосу үчүн бардык шарттарды жасашыбыз керек, алар кыйынчылык тартпастан үйлөрүн куруп, балдарын багуусу абзел! Биз жаштардын турмушун жакшы нукка өзгөртүшүбүз керек.

 Мен активдүү, кызыктуу жана иш жүзүнө аша турган жаштардын демилгелүү чөйрөсүндөгү саясатты колдойм.

Мен жаш муундардын сапаттуу билим алуусуна, алдына максат койгон кесипкөй жаштардын мамлекеттик кызмат орундарда кызматтык жогорулоо жеткиликтүү болуусуна жана жаш үй-бүлөлөрдүн жумушка орношуу маселелеринде, ошондой эле аларды турак-жай менен камсыздоо боюнча мамлекет тарабынан кепилдиктин болушуна күч аракетимди жумшайм.

Ал эми жаштар тарабынан мекенине жан дили менен берилген мекенчилдик, сапаттуу кесипкөйлүүлүк, руханийлүүлүк жана ден соолугу сак болуусу талап кылынат.

Менин артыкчылыктуу багытым “Жаштар менен биргеликте – бардыгы жаштар үчүн”.

 Менин бул шайлоого Ысык-Көл шайлоо округунан талапкерлигимди койгондугум да кокусунан эмес. 2009-жылы “Ван Ту Тревел” туристтик агенттигин негиздеп, аны бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келем. Бактуу-Долонту айылында жарыкка келгем, андыктан бул аймактын көйгөйлөрүн да, мүмкүнчүлүктөрүн да жакшы билем.   

         Мен Ысык-Көл аймагы үчүн эки артыкчылыктуу багытты сунуштайм: Агроөнөржай комплекси менен туристтик секторду өнүктүрүү жана аймактык брендди түзүү.

Аны ишке ашырууда кесипкөй жаш жетекчи менен жумушчу кадрларга, кесиптик адистерге басым жасоо жана аларга таянуу керек. Мен Ысык-Көл аймагына мамлекет жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан бардык колдоолордун болушуна күч аракетимди жумшайм. Анын катарында:

  • Программаны иштеп чыгуу жана аны иш жүзүнө ашыруу, ошондой эле

Ысык-Көл аймагында эмгектин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жаш кадрларды кайра даярдоо;

  • Жумуш берүүчүлөрдүн (административдик, салык,

инвестициялык) иш орундарын түзүү боюнча ишмердигин, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо;

  • Узак убакыттан бери жумушсуздукта жүргөн жарандарды коомдук

иштерге тартууну кеңири жайылтуу;

  • Туризм Кыргызстандын экономикасында, өзгөчө Ысык-Көл облусунда артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. Анүчүн биздин өлкөнүн табигый-рекреациялык жана экологиялык потенциалы жетиштүү. Бул багытта иш алып баруу;
  • Транспорттук коммуникацияны (аэропортторду, автожолдорду), байланыш түйүндөрүн жана башка туристтик инфраструктуранын элементтерин өнүктүрүү;
  •  Коомдук бирикмелердин жана туроператорлордун ассоциациясынын ишмердигин активдештирүү, мамлекеттик органдар менен туристтик фирмалардын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
  • Туризм багыты боюнча кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана аларды даярдоонун көп тепкичтүү системасын түзүү;
  • Туроператорлук мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуу жана туроператорлордун ишмердигин, ошондой эле талапка ылайык сапаттуу тейлөө көрсөтүү жана объектилердин ыңгайлуу жайгаштырылышы, ж.б. боюнча стандарттарды иштеп чыгуу;

Бул иш-аракеттердин баары жаңы жумуш орундарын түзүү максатында

жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын аймактарында экономикалык туруктуулуктун болушуна шарт түзүлөт!

Мен Кыргызстандагы ыктыячылар (волонтеры) кыймылын жаңы деңгээлге көтөрүүгө бардык күч аракетимди жумшайм.  Биздин ыктыярчылар пандемия учурунда  COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө боорукердик жана чын дилинен жардам берүү эмне экендигин көрсөтүштү. Кыргызстандыктар ыктыярчылыктын коом үчүн маанисин түшүнүштү. 

 Мен Кыргызстандын жаш жарандарынын  мыйзам чегиндеги кызыкчылыктарын жана алардын коомдук маанилүү демилгелерин сунуштайм.

Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жалгыз эмес, силер менен барам!

             

Аманбаев Искендер Эркинович