Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши-мыйзам чыгаруучу бийлик органы. Быйыл жаңы Конституцияны кабыл алгандан баштап Кыргыз Республикасын ар бир жараны шайлануга шарт түзүлдү. Буга чейин мыйзам партия системасы менен шайлоо жүргүзгөндө, жарандар башка бирөнү шайлоого гана укугу бар болчу Конституциялык шайлануу укугу аткарылбай келген. Депутат болом десе саясий партияга мүчөлүккө өткөндө гана шайлоонуу укугу аткарылчу.

         Азыр Жогорку Кеңештин депутаты ким болоорун ар бир шайлоочунун чечими менен ишке ашырылат. Мен алган билим боюнча юристмин жана бул кесипте 10 жылдан ашык иштеп кележатам.

         Азырку учурда элибизге эң биринчи жана манилүү экономиканы өнүктүргөн:

-жеке адамды, менчикти, турак-жайды коргогон;

-коомдук тартипти, мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугун коргой алган мыйзамдарга муктаж.

         Урматуу шайлоочулар мен депутаттыка кандидат катары төмөнкү масалелерди чечүүгө саламымды кошом:

-Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз элине иштеген кызмат адамы болсо анда анын бир айлык маянасы 30 миң сомдон ашпасы керек;

-кызмат авто уунасын күндө колдонуу болбошу керек (командировкага чыккан учурдан тышкары). Бул бюджетти бир топко кыскартат, мисалы күйүүчү майга болгон жана башка чыгымдарды;

-депутат кызмат турак-жайын колдонбошу керек;

-пландаштырылган мыйзамдарды жазуу негизги жумуш болуш керек;

-шайлоочулардын депутатка болгон бардык кайрылуусу (арызы же даттануусу) мен тарабынан шайлоочулар жашаган жерден маселе чечү тараптар менен оперативтүү чечилет;

-Ысык-Көл шайлоо округунунун ар бир айыл өкмотундө бекитилген график менен шайлоочуларды кабыл алып маселелерин мыйзам чегинде чечим берем.