Лозунг: Мыйзамдуулук жана укуктук тартип учун

Эгерде депутат болуп шайлансам өзүмдүн күч -аракетимди:

  • элдин бийлигинин үстөмдүгүн бекемдөөгө;
  • кош стандарттар саясатына каршы турууга;
  • коррупция жана уурдоо менен катаал күрөшүүгө;
  • колдонуудагы мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды Конституцияга ылайык келтирүүгө;
  • калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын чагылдырган мыйзамдарды иштеп чыгууга жана кабыл алууга;
  • Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына парламенттик контролду күчөтүүгө багыттайм.

ошондой эле:

  • бардык күч-аракетимди, билимимди жана тажрыйбамды округдун шайлоочулары менен жемиштүү кызматташууга, алардын эркин жана кызыкчылыктарын коргоого;
  • Жогорку Кеңештин сессияларына жана анын органдарынын жыйындарына активдүү катышууга, ар бир сессиядан кийин жергиликтүү ЖМКда жана интернет булактары аркылуу шайлоочуларды менин ишимдин жыйынтыктары менен тааныштырууга;
  • көбүнчө калк менен жолугушууларды уюштурууга, жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кунт коюп угууга, өз округумдун аймагында жана жумуш ордумда жарандарды жеке кабыл алууга;
  • шайлоо округунун аймагында жашаган шайлоочулардын 10% дан кем эмеси ишенбөөчүлүк көрсөткөн учурда депутаттык ыйгарым укуктарымды мөөнөтүнөн мурда жана өз ыктыярым менен токтотууга сөз берем