Лозунг: “Ырыс алды-ынтымак”

  1. Калкты социалдык жактан тейлөө

- жарандардын мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык колдоо чаралары жана программалары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;

- социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысын жогорулатуу;

  1. Билим жана жумуш оорундарын көбөйтүү

- керектүү сандагы балдардын билим берүү мекемелерин куруу;

- педагогикалык институттарда болочок мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;

- мамлекеттик колдоо чараларын жана бардык деңгээлдеги мугалимдер үчүн жеңилдиктер системасын көрсөтүү, мугалимдик кесиптин баалуулугун жогорулатуу;

  1. Спорт жана дене-тарбия

- активдүү жана сергек жашоо образын калк арасында жайылтуу;

-жарандардын бардык категориялары үчүн массалык спорттук иш –чараларды уюштуруу;

- массалык спортту колдоо жана өнүктүрүү;

  1. Медицина

- Ооруканалардын абалын жаңыртуу;

- Абалы начар фельдшер-акушердик пункттардын жаңы заманбап имаратын куруу;

- Керектүү дары-дармек жана керектүү техника менен өз убагында камсыз кылуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына өлкөбүздүн жарандарынын социалдык маселелерин чечүүгө, ошондой эле инфраструктура, таза суу, экология көйгөйлөрүн көтөрүп, эл менен тыгыз байланышта элдин өкүлү болуу үчүн баратамын.