Абдыразакова Айжан Улановна

Мен, Абдыразакова Айжан Улановна, Кыргыз Республикасынын жараны, 1989-жылы 27-декабрда Казак ССРинде төрөлгөм. Менин үй-бүлөмдө үч улут бар – казактар, татарлар жана кыргыздар. Чоң атам менин кыргыз маданиятынын алып жүрүүчүсү болушумду каалагандыктан, балалыгымдын дээрлик бардыгын Нарын облусунда нукура кыргыздын салтында өткөрдүм. Кийинчерээк үй-бүлөбүз менен Кыргыз Республикасындагы эл аралык чакан шаар болгон Токмокко көчүп келдик. Бул жерде мен дунган, уйгур, өзбек сыяктуу түрдүү улуттардын өкүлдөрү менен бирге чоңойдум.                                                                                                                                                                                                                                                                1997-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында А.С. Пушкин атындагы №1 гимназияга 1-классына тапшырып, 2008-жылы аны артыкчылык диплому менен бүтүргом.Кызыгы, коп убакытка  чейин класста жалгыз кыргыз болчумун. Бул шаардагы жашоо менде толеранттуулукту тарбиялады, аны мен ушул күнгө чейин сактап келем.   2008-2013-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинде (күндүзгү бөлүмдө), журналистика адистигин аяктадым. 2010-жылы “Интерньюс” журналистика мектебинде радио жана теле алып баруучу багытында билим алдым. 2018-жылы "LSL Language Studies International" Эл аралык мектебинде англис тили багытында билим алып,2019-жылы Москва шаарындагы Синергия университетинде "Executive MBA" багыты боюнча окуусун уланткам.Ошондой эле 2019-жылы  Киевдеги Высоцкий атындагы бизнес мектебинде «Бизнести системалаштыруу» багыты боюнча билим аяктагам. Эмгек жолун 2007-жылы – “АКШнын Кыргызстандагы Тынчтык корпусу” билим берүү борборунда тил котормочу багыты боюнча баштагам. 2011-2012-жылдары КТРКда кабарчы, редактор, теле алып баруучу, 2012-2013-жылдары кабарчы, ТРК ОсОО НТС редактору. 2013-жылы - МКК FINCAда PR-менеджер, 2015-жылы - Besmart.kg контент-менеджери, 2015-2016-жылдары - Жаштарды өнүктүрүү институтунда, PR-менеджер 2016-2017-жылдары  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда, медиа-эксперт. 2017-2018-жылдары «Жебе» маалымат агенттигинде Аткаруучу директор.2019-жылы «Бешинчи канал» ЖАКсында жаңылыктар редактору. 2019-жылы - Элитхаус курулуш компаниясынын PR директору.Башкы директордун өнүктүрүү боюнча орун басары.2020ж.«Билерик» гендердик толеранттуулук коомдук фондунун негиздөөчүсү.  Учурда мен Rayan Buildng курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорумун. Мен үй-бүлөлүүмүн, эки балам бар. Жолдошум жеке ишкер.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)