1. Экономика тармагында:

- экономиканы ковид пандемиясынан кийин турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча өкмөттүн мамлекеттик башкаруунун таасирдүү механизмдерди пайдалануусуна колдоо көрсөтүү;

-  пандемиядан улам түзүлгөн кырдаалга ылайык, жарандардын экономикалык абалын эске алуу менен өлкөнүн салык саясатын жөнгө салуу боюнча жаңы стратегиясын өнүктүрүүгө катышуу; 

- салыктардын ар кандай түрүнүн санын азайтууну жана алардын өлчөмүн азайтууну колдоо, керек болсо, жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга, социалдык өнүгүүсүнө тоскоол болгон салыктарды жокко чыгарууну сунуштоо;    

- орто жана ири ишканалар үчүн салыктарды көтөрүүгө же, эгер бар болсо, жеңилдиктерди алып салууга көмөк көрсөтүү;

- жаңы жумушчу орундарын түзүүдө экономиканын кошумча рычагы катары кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо;

- аймактардагы климаттык өзгөрүүлөрдү жана жалпы өлкөдөгү, айрыкча Бишкектеги абанын экологиялык абалын эске алуу менен отун-энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча жаңы концепцияны иштеп чыгууга катышуу; 

- кичи жана орто  ГЭСтердин курууну колдоо;

- калк үчүн электр энергиясынын баасын жогорулатпоо жана туруктуу бааларды камсыз кылуу саясатын колдоо;

- «Жашыл жаратылышка» зыян келтирбей  турган жаңы энергия булактарын жайылтууну колдоо;

- жалпы салыктардын санын жана көлөмүн кыскартуу, салык саясатын жарандардын экономикалык абалына жараша бекитүү ири же орто бай ишкана ээлеринини салыктарын көтөрүү;

- финансылык жөндөмү жетиштүү ишканалар үчүн электр тарифтерин жогорулатуу.

 

 

 

  1. Айыл чарбасында:

 

- айыл калкынын турмуш деңгээлин көтөрүүнү, алардын билимге, чарбалык жана социалдык коргоо механизмдерин жекиликтүү пайдалануусун камсыз кылууну колдоо;

-кичи жана орто фермердик чарбаларды

-айыл калкынын пандемиядан кийинки финансылык абалын эске алуу менен жер салыгын жана башка салыктардын өлчөмүн азайтууну колго алуу;

-тамчылатып сугарууну кеңири колдонууну өнүктүрүү жана жайылтууну колдоо;

- айылдарды таза суу менен камсыз кылуу демилгелерин колдоо;

- шаардыктарды жашыл айыл-чарба азыктары менен түз камсыз кылуу, айылыдктарга  базарларга түз чыгууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн шаар менен айылдын түз карым-катышын чыңдоо жолдорун иштеп чыгуу.

 

3. Социалдык тармакта:

 

- карылар, жалгыз бой энелер, кароосуз калган балдар, майыптыгы бар жарандар сыяктуу калктын аялуу катмарын социалдык жактан сапаттуу камсыздоо түйүнүн кайра жандандыруу;

- дары-дармектердин сапаттуу жана алардын көлөмү элге жетиштүү болуусун камсыздоо;

- саламаттыкты сактоо кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жогорулатуу боюнча демилгелерди колдоо;

- альтернативдик саламаттыкты сактоо булактарына колдоо көрсөтүү.

 

4. Билим берүү тармагында:

 

- билим берүү системасынын сапатын мезгил талабына ылайык өнүктүрүү;

- билим берүү системасын каржылоонун жаңы ыкмаларын киргизүү;

-  регионалдык жогорку окуу жайларынын сапаттык деңгээлин жогорулатуу;

- жогорку жана орто окуу жайларында  IT технологиялары боюнча сабактарды, окутууларды киргизүү;

- жогорку жана орто окуу жайларындагы кадр потенциалын жана сабак  окутуунун сапатын жогорулатуу, мугалимдер үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, кадрлардын туруктуулугун камсыз кылуу. Ар бир окуу жайы кадрдык потенциалын түзүүсү керек. 

- Жогорку аттестациялык комиссиянын жобосуна анын жобосу 5 жыл ичинде өзгөртүлбөй тургандыгы жөнүндө атайын ченем киргизүүгө көмөк көрсөтүү;

- окутуучу методикалык комплекстери 5 жыл ичинде өзгөртүлбөй тургандыгы жөнүндө ченемди КР Билим берүү министрлигинин, жогорку окуу жайларынын укуктук ченемдик актыларына киргизүү үчүн тийиштүү чараларды жүзөгө ашыруу;

- студенттердин окуу процессин демократизациялоо, студент жаштардын демилгелерин колдоо, сабактарды жана окутуучуларды эркин тандоо мүмкүндүгүн кароо, билим деңгээлин эске алуу менен сабактарга эркин катышууга мүмкүндүк берүү жагын кароо.   

-орто мектептерде жана ЖОЖдордо сабактарды кыргыз, орус жана англис тилдеринде окутууну камсыздоо.

 

  1. Маданият тармагында:

 

- кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү;

- республиканын тарыхый, маданий эстеликтерин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди колдоо;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү колдоо;

- «Көчмөндөр оюндарынын» эл аралык маанисин жогорулатууга колдоо көрсөтүү.

 

  1. Экология тармагында:

- өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги келечектүү жана маанилүү багыттарынын бири катарында экологиялык туризмди өнүктүрүүнү колдоо;

- экомобилдерге өтүүнү камсыз кылуу боюнча укуктук ченемдик документтерди иштеп чыгуу, экомобилдерди чыгаруучу ишкана жана ишкерлерди колдоо;

- ТЭЦти газ менен иштетүүгө өткөрүүчү укуктук ченемдерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, Бишкектин жана башка шаарлардын от жагууда көмүрдү пайдалануусун азайтуу;

  1. Коррупция менен күрөшүү:

 

- сот, прокуратура, адвокатура системасындагы, Ички иштер министрлигиндеги, пенитационардык мекемелердеги коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоо; 

- өлкөнүн  лицензиялык саясатын кайра карап чыгуу;

- кенбайлыктарды иштетүүгө лицензияларды берүүдө коррупцияга бөгөт коюуучу чараларды сунуш кылуу;

-  лицензияларды берүүгө мониторинг жүргүзүүнү колдоо, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын, Кыргызстандын экологиясын эске албастан кенбайлыктарды иштетүүгө лицензияны коррупциялык жол менен алган компанияларды текшерүү.

 

  1. Парламенттин коомдогу ролун жогорулатуу:

 

- Кыргыз Республикасынын парламентке шайлоо боюнча мыйзамдарын жакшыртуу менен депутаттар корпусунун сапатын жогорулатуу;

- мыйзам жаратуу процессинин эрежесин жана процедураларын кайра карап чыгуу менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши кабыл ала турган мыйзамдардын сапатын жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү кодексинде шайлоо учурунда талапкерлер үчүн социалдык тармактарда акысыз  эфир, видео берүүлөрдү жана башка материалдарды жарыялоону бекиткен ченемди киргизүү;

- парламенттик фракцияларды  партиялык  принцип менен түзүүнү камсыз кылуу, бир мандаттуу депутаттрар менен аралаштырууга жол бербөө, бир мандаттуу окуруг боюнча депутаттар региондор   фракциясынын өкүлдөрү болуусу керек, бул Жогорку Кеңештин региондордогу ролун жогорулатат.    

 

Жогоруда көрсөтүлгөн негизги максаттар жана ишимдин багыттары муну менен токтоп калбайт. Бул программа менин иш документим болуп эсептелет. Программа шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө жана талкуудан улам, шайлоочулардын пикирлерин, сунуштарын, демилгелерин, талаптарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен өзгөртүлүшү, толукталышы мүмкүн.