“Кыргызстаныма кызмат кылганга убактым да, даярдыгым да жетиштүү”

          Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн коргоодо, туруктуу өнүктүрүүдө жана калкынын саламаттыгын сактоодо майда маселе болбойт. Саясий, социалдык жана экономикалык өнүктүрүү менен элдин жыргалчылыгын камсыздоо, ата-бабадан мурас калган жерин көздүн карегиндей сактоо, аймагыбыздын баштапкы табигыйлуулугун кармап калуу - ар бир кыргызстандык жарандардын ыйык милдети.

Биздин ураан: “Өнүккөн өлкө, элибиздин бакубат жашоосу!”

 Кыргызстандын гүлдөп өнүккөн өлкөлөрдөн болуусуна бардык мүмкүнчүлүктөр бар:

  • Бизде жаратылыш тартуулаган бардык кен байлыктар, Борбордук Азияны камсыздай ала турган суу артериясы, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо адам баласына зарыл азыктарды өндүрүүгө шарт түзгөн бышыкчылыктуу, түшүмдүү жерибиз бар,
  • Улуу Жибек Жолу өтө турган соода жолдорунун кесилишинде жайгашканбыз,
  • Кандан бектен кайра тартпаган жоокер мүнөз, ак эмгегинен баар тапкан жаратман элибиз бар,
  • Кыргыздын нарк насилин ыйык туткан ата салтыбыз бар,
  • Жаңылыкты тез кабылдаган, билимдерге умтулган жаңы муун өкүлдөрү бар.

Биз экономикасы күчтүү өнүккөн өлкө болууга мамлекетти башкаруунун иштеп кете турган системасын түзө албай айрым тоскоолдуктарды өзүбүз жаратып алганбыз. Алар:

  • 30 жыл ичинде ар бир адам ыңгайлуу жашап жана өнүгө алган тең укуктуу жана мыйзамдын үстөмдүгүнө ээ болгон эркин коомду кура алган жокпуз,
  • мунун кесепетинен иштеп келген завод-фабрикалар, колхоз-совхоздорунун мыйзамсыз таланып толонуп, айдоо аянттарыбыз, жайыттарыбыз деградацияга учурап, мелиорация системасы талкаланган. Жумушсуздук өсүп, тышкы миграцияга жүз миңдеген жарандарыбыз кетүүгө аргасыз болушту,
  • чарба жүргүзүүдөгү, башкаруудагы коррупциялык элементтер мамлекеттик органдардан тарта бардык тармактарда кенири кулач жыйды,
  • так эрежелердин жана мыйзам алдында теңчиликтин жоктугу мамлекеттик бийликке ишенбөөчүлүктү жаратты,
  • улуттук идеологиянын калыптанбагандыгы, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы баш аламан реформалар натыйжа бербестен жаны муундун билим деңгээли, алардын саламатчылыгы кейиштүу абалга кептелди,
  • элибиздин укук коргоо органдарына, сот бийлигине ишенбөөчүлүгү күн санап артууда,
  • элге, мамлекеттин системанын иретке келишине, экономиканын өнүгүүсүнө салым кошо турган мыйзам актыларын иштеп чыгуунун зарылчылыгы келип чыкты.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ БИРГЕЛИКТЕ ЧЕЧҮҮ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ БАГЫТТАГЫ  ПРОГРАММАМДЫ СУНУШТАЙМ.

Анын негизги булактары:

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ БАГЫТЫ

 Кыргызстандын өнүгүүсүнүн эң негизги шарты – бул саясий, укуктук, экономикалык, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу. Ансыз өлкө өнүкпөйт.

    Бул үчүн бийликтин бардык бутактары, коомчулук бир пикирде, өз ара түшүнүшүү менен иш алып баруусу зарыл. Коомдогу оппозициялык күчтөр конструктивдүү болуп, мамлекеттин аппаратына тоскоол болбостон, алдыга жылышына шарт түзүп туруусу талапка ылайык.

     Товар өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди коргоо максатында кызмат кыла турган укук коргоо органдары, тескерисинче бизнести жана жарандарды жеке байуунун булагы катары карашат. Укукчулардын ишинин натыйжалуулугу кылмышты азайтуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен эмес, жазаланган адамдардын саны менен өлчөнгөн стеоретиптен кете турган убакыт келди. Бул үчүн кылмыштуулуктун алдын алуу, профилактикалык иштер менен алмаштырылган, ар бир жаран, мамлекеттик орган болсун мыйзам үстөмдүк кылган коомду курууга жетишүү зарыл.

ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮҮСҮ – ЭЛДИН ЖАШОО ТУРМУШУНУН ОҢОЛУУСУНУН КҮЗГҮСҮ

    Жергебиздеги табигый кен байлыктары иштетүүнүн сарамжалдыгына жетишүү,  алардан алынган киреше Кыргызстандын бюджеттик кирешесин толтурууга түз багытталышын камсыздоо, таланып тонолуп, экологиялык кесепеттерди жаратып аткан тоо-кен тармагын мамлекетке кайтаруу башкы милдеттерден. Гидроресурстарды пайдалануунун мыйзамдык базасын ищтеп чыгуу менен энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо менен экономикалык чон пайда табуу булактарын тапса болот.

     Бул потенциалдарды турмушка ашыруу үчүн конкреттүү мыйзамдарды жана иш чараларды иштеп чыгып, Президентке, Жогорку Кенешке, Өкмөткө жана жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча органдарына сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн көрүп турам.

Экономикалык чөйрөдөгү маселелер:

  • ийкемдүү чакан, орто жана ири бизнести өнүктүрүүгө багытталган мыйзам актыларын иштеп чыгууга катышуу,
  • өлкөдө эркин жана ачык виза режимин киргизүүнү сунуштоо,
  • Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу, электр энергиясынын экономикалык жактан пайдалуу тарифтерин ишке ашыруу,
  • Айыл чарбасында киреше бере турган булактарды субсидиялоо,
  • Туура эмес жүргүзүлгөн саясаттан улам кыскарып бара жаткан айдоо аянттарын сактап калуу жана кошумча суу баскан аянттарды кенейтүү. Бул багытта мелеорациялык иштердин жаны технологиялык мүмкүнчүлүктөрун сунуштоо

АТА МУРАС ЖЕРИБИЗДИН ЭКОЛОГИЯЛЫК БҮТҮНДҮГҮ

  • Жыл санап кыскарып бараткан токой фондуларын, жапайы жан жаныбарларды коргоо, флора фаунаны сактоо боюнча ийкемдүү мыйзам актыларын иштеп чыгуу,
  • Мыйзамсыз берилип кеткен тоо-кен өндүрүш тамагындагы экологияга зыян алып келген учурларга келишкис мамиле кылуу,
  • Бишкек шаарындагы булганыч аба түзүмдөрүнөн арылуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү, Бул үчүн шаардын башкы архитектуралык схемасынан баштап, булганган абаны атмосферага чыгарган мекеме ишканаларды тыкыр көзөмөлгө алуу зарылдыгы турат. Жыл санап өсүп жаткан авто унаа транспортторун өлкөгө алып келүүдө катализатору жок техникаларга көзөмөл жүргүзүү же тыйуу салуу боюнча мыйзам актысын сунуштайт элем.
  • Бишкек шаарынын дагы бир көйгөйү –канализациялык системанын эскилиги жеткендиги. Өзгөчө жаңы конуштарда бул система жокко эсе. Болгон шартта да канализациялык калдыктарды жыйноочу жайлардын жоктугунан шаардын ылдыйкы зонасындагы абал өтө кооптуу. Шаардын бул бөлүгүндө жер алдындагы суулар өтө жакын болуп элдүү пункттардын жашоосуна ынгайсыздыктарды жаратып келет.  Ага кошумча булганган суулар да бул райондорго топтолгон. Атайын илимий техникалык кызматкерлердин жардамы менен кайра иштетүүчү жайларды ишке  берүү зарылдыгы бар.Бул багытта укуктуцк документтерди даярдар инвестиция тартуунун сунуштайт элем.
  • Чоң киреше бере турган таштанды полигонуна курулуучу кайра иштетүүчү жайларга бир катар долбоорлор келсе дагы иш алдыга жылбай келет. Аны колго алуу үчүн мыйзамдык негиздерди даярдоо да учур талабы.
  • Экологиянын бузулушу Кыргызстандын аймагында жашап жаткан жарандардын, жаны муундун ден соолугунун бузулушуна алып келет. Биз экономикалык маселе менен катар эле экология маселесин колго албасак, болочок кыргыз урпактарынын тагдырын талкалап алабыз.
  • Калктын саламаттыгын камсыз кылуу багытында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде медицина тармагына инвестицияларды тартуу зарыл.

БИЛИМСИЗ, МАДАНИЯТСЫЗ  ӨЛКӨ – КЕЛЕЧЕГИ ЖОК ӨЛКӨ

  • Кыргыз тили, маданияты, ата бабалардын нарк насили, каада салттары улуттук идеологиянын өзөгүн түзө тургандай шартка алып келишибиз керек. Буларсыз Кыргыз мамлекети мамлекеттүүлүгүн жоготот.

     Булардын маани маңызын коомубузга терен жайылтып, андан ары өнүктүрүүгө шарттарды түзүп, келечектин пайдубалын бекемдөөгө болгон  билимимди, акыл эсимди жумшоого даярмын.

     30 жылдан бери билим берүү тармагындагы тигил же бул өлкөдөн көчүрүлүп келген жалпы орто, атайын орто жана жогорку окуу жайларындагы реформалар алгылыктуу натыйжа бербей, бүтүндөй системаны башаламандыкка алып келди. Бул багытта билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги мекеме-ишканалар үчүн биздин менталитетке жакын, сыноолордон өтүп натыйжа берген мыйзамды сунуштоо зарылдыгы турат.

  • Билим берүү менен бирдикте жаш муундун тарбиясына жооп бере турган ата-энелер, коомчулук өкүлдөрүнүн институттарынын макамын аныктоо, алардын жоопкерчилиги боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл.
  • Мектеп программасына кыргыздын улуттук идеологиясын жайылтуу жана таануу боюнча сабактарды киргизүү менен өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка үгүттөө, окуу куралдары жана шаймандары менен камсыз болуусун күчтөө зарыл.

САНАРИП - КЕЛЕЧЕККЕ САПАР

      Заман агымына жараша эл чарбасынын бардык тармактарында санариптештируу системасына өткөрүү зарыл. Бул ички бюрократиядан арылтып, бардык маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүүну шарттайт. Ошол  эле мезгилде маалыматтардын купуялуулугу да сакталууга тийиш.

        Аймактардагы бардык калктуу пункттарда тейлөө кызматтарын ачуу аркылуу көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүү менен тейлөөнүн элге ынгайлуу шарттарын түзүп, бюрократиялык бут тосууларга бөгөт болот.

Мына ушуларды аткаруу, мерчемделген иш чараларымдын чакан гана бөлугү. Өлкөмдүн, жашоо турмушунун жакшырышына кошкон салымым, ар бир аткарган ишим менен тастыкталмакчы.