КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРДИН

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

САРТАЕВ Анвар Айдарович

Туулган күнү жана жери: 1955.30.01., РФ, Пермь ш.

Иштеген жери жана ээлеген кызмат орду: Отставкадагы полковник, аскекрдик укук коргоочу

Урааны: “Жарандарыбыздын татыктуу жашоосу жана коопсуздугу”

Менин шайлоо алдындагы программам аскер кызматчылардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, КР Куралдуу Күчтөрүнүн жарандык персоналынын, аскер пенсионерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, мугалимдердин, медициналык жана социалдык кызматкерлердин укугун коргоого, калыбына келтирүүгө жана жактоого багытталган.

Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин укуктарын коргоодогу кеп жылдык тажрыйбам жана ийгиликтуу практикам мага, КР ЖК депутаты катары кыргызстандыктардын аскердик, эмгектик жана күнүмдүк жашоосунда жана ишмердигинде келип чыккан көйгөйлөрдү жана маселелерди мындан да ыкчамыраак жана натыйжалуу чечүүгө, Кыргызстандын Тажик Республикасы жана Өзбек Республикасы менен чек араларын демаркациялоо боюнча көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк түзөт деп ишенем.

Бул максаттарга жетүү үчүн мен Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Президенттин Администрациясы менен иштешүүнүн биринчи кезектеги планын даярдадым. Ишимдин башкы принциби - жардам үчүн кайрылган ар бир жаранга көңүл кош карабастан жардам көрсөтүүгө умтулуу.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)