- Кыргызстандын эли бийликтин булагы. Бардык жарандарды жашоону жеңилдеткен МЫЙЗАМДАР менен камсыз кылуу! Мыйзамдар ар бир адамдын жана жарандын гаранты болушу керек!

Баардык мамлекеттик институттарда тамырын жайган коррупцияга каршы реалдуу жана системалуу күрөш! Тилекке каршы, азыркы коррупцияга каршы күрөш анын кесепеттери менен гана күрөш. Ушуга байланыштуу коррупциялык тобокелдиктерди алдын ала алууга жана жөнгө салуучу тиешелуу укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл.

Ишкердикке көмөктөшүүчү мыйзам актыларын, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу жана аларды улуттук экономикага тартуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Айыл чарба иштерине көмөктөшүүчү мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Азыркы дүйнөдө айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы жолдору киргизилип жатат, алар биздин реалдуулукта эч кандай мыйзамдар менен жөнгө салынбайт, бул дагы андан ары ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Криптовалюталарды колдонууну жөнгө салуу жана алардын жардамы менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.