Мусаев Тахир Насырович

 Мен, Мусаев Тахир Насырович 1985-жылдын 6-майында  Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарында туулгам, улутум дунган, жогорку билимим бар.

1991-жылы Токмок шаарындагы № 6 орто мектебинде окууну баштап, кийин 2001-жылы АКШнын Орегон штатынын Портленд шаарындагы Кливленд Грувер (Cleveland Groove High School) жогорку мектебине которулуп, 2003-жылы аяктадым.

2021-жылы Кыргыз-Орус Билим берүү академиясынын юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктадым.

2004-2008-жылдары АКШнын аймагында жеке ишкерлик менен алектенгем. 2008-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасында жеке ишкерлик менен алектенгем. 2017-2021 - жылдары - "Ним-Компани" ЖЧКсында иштегем. 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын коомдук жардамчысы болгом. Бүгүнкү күнү убактылуу жумушсузмун. Бош убакытымда ат үстүндө сейилдеп, футбол ойнойм жана спорт менен жигердүү алектенем.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)