Бишкек шаарынын Биринчи Май шайлоо округунан КР ЖКнын депутаттыгына талапкер Келгенбаев Акжолтой Коконбаевичтин программасы.

1-2-пункттар. Бишкек шаарында жана республиканын башка шаарларында экологияны жакшыртуу үчүн тазалыкты жана тартипти жүргүзүү.                                                 

"Жашыл" экономиканы өнүктүрүүнү алга жылдырабыз. Объекттерди куруу үчүн жаңы талаптарды киргизебиз, алар: жашыл чатыр, жаңылануучу электр булактарынын элементтерин пайдалануу, экофильтрлер ж.б. ушул сыяктуу түшүнүктөр киргизилет.

3-пункт. Республика боюнча жана шаарларыбызда туризмди өнүктүрүү.

Бишкек маданий-иштиктүү жана туристтик борбор катары өнүгүшү керек. Бул үчүн туристтерге шарттарды жакшыртуу максатында урбанизация саясатын өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз. Алар: жолдор, жарык, коопсуздук, маданий жана ишкер сейил бактар, IT-индустриялаштыруу, жеткиликтүү жана акысыз интернет, аэропорттон баштап коомдук тамактануу жайларына чейин тейлөө кызматын өнүктүрүү, маданий объектилерди (музейлер, театрлар, сейил бактар) өнүктүрүү. Мындай ишти бүткүл республика боюнча жүргүзүшүбүз керек.

4-5-пункттар. Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоо, алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын Кыргызстандын экономикасына каражаттарын инвестициялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин акча которуулары Кыргыз Республикасынын ИДПсынын 33% түзөөрү бардыгына маалым. Мигранттардын ар бир үй-бүлөсүн социалдык жактан камсыз кылуу-келечекке инвестиция. Чет жакта иштеп жаткан мекендеш Кыргыз Республикасынын жараны болсо, биз мигрантка инвестор статусун берүү маселесин көтөрөбүз. Ал өзгөчө преференцияларга ээ болуп, Кыргызстанда бизнес ача алат. Тагыраак айтканда, иш-кагаздарды тариздөөнү максималдуу жеңилдетебиз, минималдуу пайыздык чендери менен насыя берүүнү демилгелейбиз, салыктан бошотобуз.

6-пункт. Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, ата мекендик продукцияларды чет өлкөлөрдө илгерилетүү.

Идеяга бай, эмгекти сүйгөн жана жоопкерчиликтүү ар бир жаранга өзгөчө мамиле керек. Биздин өлкө импорттун 70% ына көз каранды жана экспортко болгону 30% туура келет. Чакан жана орто бизнес ээлеринин укуктарын коргоого алабыз. Өнүктүрүү фонддорунун иштерине катуу көзөмөлдөйбүз. Ата-мекендик өндүрүүчүлөр үчүн преференциялардын өзүнчө пакетин иштеп чыгабыз. КРнын консулдуктарында жана элчиликтеринде импорт менен экспортту илгерилетүү жана ишке ашыруу кеңселерин ачабыз.

7-пункт. Мамлекеттик институттар менен бирдикте ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүү. Биз ыктыярчылык ишмердүүлүк менен алектенүү модалуу жана беделдүү болушун каалайбыз. Ыктыярчылык ишмердүүлүктү иш стажысы катары таануу маселесин көтөрөбүз.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)