Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич

Бишкек шаарынын Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер Келгенбаев Акжолтой Коконбаевичтин биографиясы

1981-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген.

1989-жылы Чолок-Кайың айылындагы Ленин атындагы №1 мектебине билим жолуна аттанган.

1997– жылдан 2000-жылга чейин Барашов Мааданбек атындагы №40 кесиптик лицейинде билимин улантып, кесиптик дипломго ээ болгон.

2000-2005-жылдары ишкерлик менен алектенген.

2005-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Экономика жана менеджмент” факультетине тапшырып, 2011-жылы аяктаган.

2012-2020-жылдар аралыгы Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип, бир топ коомдук иштердин автору катары таанылып, жергиликтүү диаспоралык жана бизнес ассоциацияларда жигердүү иш жүргүзүп келген.

Учурда үй-бүлөлү, 3 баланын атасы.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)