Адамды коргоо, өлкө элин сактоодо мен бардык депутаттык корпустун жана ар бир депутаттын Кыргызстан калкынын учурдагы жана келечектеги муундарынын алдында жоопкерчилигин көрүп турам.

Коомдун мүлктүк жана социалдык катмары аябай чоң ажырымга келип жетти. Социалдык камсыздандыруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана турак-жай коммуналдык чарбасы системаларында адамдар өтө чоң көйгөйлөргө туш келишүүдө. Турак-жай, жумушсуздук, оору жана карылык маселелерин чечүүдө турмуштук оор сыноолорго кабылуулар башталат.

Мен ишенем – өз жарандарынын жыргалчылыгын камсыз кылуу, алардын жашоо-турмушун жакшыртуу жана алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн күчөтүү, жаратуу үчүн керектүүлөрдүн баары өлкөбүздө бар.

Мен төмөндө көрсөтүлгөндөрдү биринчи кезекте аткарам деп өзүмө тапшырма коём:

  1. Жакырчылык менен күрөшүү жана социалдык теңсиздикти кыскартуу үчүн мыйзам деңгээлинде шарттарды түзүү;
  2. Иштеген калктын, бюджеттик чөйрөдө иштеген кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу. Тиричилик минимумуна жана продуктулук себеттин баасына байлап айлык акынын индексациясы боюнча мыйзам демилгелерин иштеп чыгуу;
  3. Турмуштун бардык чөйрөсүндөгү мыйзамсыздык, коррупция жана социалдык адилеттүүлүктүн душмандары менен чындап күрөшүүгө жардам берүүчү нормативдик актыларды жана мыйзам демилгелерин киргизүү;
  4. Улуттук ресурстарды жарандардын кызыкчылыгы үчүн пайдалануу. Өлкөнүн бюджетинин негизги беренелеринин жана республиканын калкынын кызыкчылыгы үчүн жаратылыш байлыктарын экспорттоого жана аларды өндүрүүдөн түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүдө катуу көзөмөл орнотуу зарыл.
  5. Колдонулуучу илимдерди, экономиканы өнүктүрүү жана ишкерлер коомчулугун колдоо үчүн мыйзам демилгелерин иштеп чыгуу. Өнүктүрүү институттарын бюджеттен каржылоону жогорулатуу, салыктарды сапаттуу жөнгө салуу, кирешелерди көзөмөлдөө боюнча заманбап ыкмаларга акырындап өтүү;
  6. Адам потенциалын өнүктүрүү жана жаштар үчүн социалдык лифттерди түзүү. ЖОЖдордун жана кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылуу жана алардын кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгүн мыйзам деңгээлинде бекитүү. Жаш адистерди жумушка алууда ишканалар менен уюмдарга салыктык артыкчылыктарды берүү. Чет өлкөдө окуп келген адистерди колдоо боюнча мамлекеттик институттарды түзүү;
  7. Ишке жарамдуу калктын өлкөдөн агылып чыгышын кыскартууга кол кабыш кылуу. Жашоочулардын жумуш кепилдигин карап көрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди мекенге кайтарууга жардам берүү жана алардын өз жеринде жумуш менен камсыз болуусуна кепилдик берүү боюнча программаларды иштеп чыгууга убакыт келип жетти;
  8. Өлкөнүн экологиялык көйгөйлөрүн жана инфраструктурасын өнүктүрүүнү чечүү. Экологияны коргоо жана жаратылыш зоналарынын рекреационалдык потенциалын өнүктүрүү боюнча демилгелерди мыйзам менен колдоо;
  9. Өлкөнүн улуттук маданиятын сактоо жана өнүктүрүү. Коомдук чыгармачылык уюмдарды өнүктүрүү, мамлекеттик маданият мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик кызматкерлерден кем эмес социалдык камсыздоону бекитүү.