Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

Мен, Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна, 1978-жылы 23-ноябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөм.

1985-жылы Фрунзе шаарындагы №53 орто мектепке кирип, 1995-жылы Бишкек шаарындагы №5 мектеп-гимназияны аяктагам.

1995-жылы КМУУга тапшырып, 2000-жылы аяктап, эл аралык мамилелер адистигине ээ болгом.

2000-2001-жылдары КРнын Тышкы иштер министрлигинде стажировкадан өткөм.

2002-2004-жылдары Улуу Британиядагы Бристоль университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде окугам.

2004-2006-жылдары КРнын Социалдык фондунда жетектөөчү адистен баштап, эл аралык мамилелер жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси кызматына чейин иштегем.

2006-2015-жылдары «Кудайберген» соода комплексинин башкы директору.  

2015-2020-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты.