Мен, Кыргыз Республикасыны жараны Строкова Евгения Григорьевна, Бишкек шаарында туулуп-өскөм. Педагог-психолог адистиги боюнча жогорку кесиптик билим алып, бүтүндөй эмгек ишмердүүлүгүмдү өлкөбүздүн билим берүү тармагына арнап келем. Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун тарбиячысы, мугалими, директору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин депутаты катары Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттыкты сактоо комитетинде иш тажрыйбам бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышында иштеп жүргөндө мен кесиптештерим менен биргеликте социалдык чөйрөдө 20 мыйзам долбоорун демилгелеп чыктым, натыйжада, китепкана жана музей кызматкерлеринин, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин эмгек акысын жогорулатууга жана пенсияларды жогорулатууга жетиштик. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы ишибиздин алкагында Россия Федерациясынын депутаттары менен бирдикте өлкөдөн тышкары иштеген жарандарыбыздын пенсиялык кепилдиктери, адам сатууга каршы күрөшүү тууралуу маселелерди көтөрдүк. Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин кызматкерлеринин, ошондой эле Улуттук онкология борборунун дарыгерлеринин эмгек укуктарын коргоого туура келди, жарандардын айрым категориялары үчүн кызматтык турак-жайды менчиктештирүү укугун коргоо менен алектендим. Мен дайыма аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук, майыптардын көйгөйлөрү менен алектендим. Тактап айтканда, гемодиализ алгандар үчүн бюджеттик квоталар көбөйтүлдү, гепатиттин алдын алуу жана дарылоо үчүн бюджеттик каражаттарды издөө иштери жүргүзүлдү. Күзүндө мектеп окуучуларын тамактандырууну уюштуруу жана зыяндуу продукцияларды жарнамалоого чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн. Пандемиядан улам көптөгөн демилгелер толук ишке ашкан жок; ошондой эле пандемия мыйзам деңгээлинде чечилиши керек болгон кошумча көйгөйлөрдү аныктады.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигимди коюп, жарандардын конституциялык укуктарын жана таламдарын, биринчи кезекте алардын билим алууга, медициналык тейлөөгө, социалдык жактан коргоого болгон укуктарын толук коргоого умтулам. Калктын ден соолугун жана билимин, балдардын жана аялдардын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу, республикалык бюджетти акыйкат бөлүштүрүү – менин улуттук мыйзамдар деңгээлинде жактап чыгууга умтулган приоритеттерим. Жарандарды, тактап айтканда Свердлов районунун тургундарын тынымсыз кабыл алуу практикасын улантам, бул аймактагы ЖЭБ, анын катарында «Дордой» базарынын жанында жаңы конуштардын жана башка өнөр жай объекттеринин жайгашуусуна байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жалпы Кыргызстанга жана шаардык тургундарга тиешелүү курч көйгөйлөрдү чечебиз.