Мен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер – Бейшенбаев Эдиль Нурбекович, Жаратуучунун колдоосуна жана өзүмдүн шайлоочуларымдын колдоосуна үмүттөнүү менен, келечекте туруктуу экономикасы, улуттук салттарды сактоого негизделген билимдүү жана жогорку интеллектуалдуу коому менен татыктуу Кыргызстанды курууга умтулган патриоттордун муунунун өкүлү катары, өзүмдүн округумдун жана биздин Мекенибиздин борбор калаасынын көйгөйлөрүн жакындан таанып билүү менен, өзүмдүн шайлоо алдындагы программамда Жогорку Кеңешке парламентарий катары шайланган соң, шайлоочулардын төмөнкү негизги демилгелерин ишке ашырууну белгилеймин:

- биринчиден, жарандардын социалдык укуктук жана башка кепилдиктерин татыктуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдардын долбоорлорун камсыз кылуу;

- экинчиден, Кыргызстандын жарандары жана ишкердиктин кээ бир субъектилерине салык мыйзамчыгаруучулугунун гуманизациялануусуна негизделген салык ставкаларын төмөндөтүүнү камсыз кылган мыйзамдарды демилгелөө жана кабыл алуу;

- үчүнчүдөн, жарандардын басымдуу бөлүгүнүн насыялык жана салыктык төлөөчүлүк  жөндөмдүүлүгүнүн жок абалында болгондугун таануу менен Кыргыз Республикасынын «Жеке жактардын банкроттуулугу жөнүндө» жана «Салыктык мунапыс жөнүндө» мыйзамдарды демилгелөө жана кабыл алуу;

- төртүнчүдөн, узак мезгилден бери биздин өлкөбүздүн шайлоочуларынын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик тарабынан талаптары жана кызыкчылыктары четке кагылып келгендигине басым жасоо менен, жарандардын, анын ичинде Бишке шаарынын Свердлов районунун жашоочуларынын, керектөөсүн натыйжалуу ишке ашырууга жана көйгөйлөрүнүн тез арада чечилүүсүнө максат коюу менен, менин парламенттеги ишмердүүлүгүм мындай принцип менен куралат: Шайлоочу – Жогорку Кеңештин депутаты – Министрлер кабинети; Шайлоочу – Жогорку Кеңештин депутаты – Бишкек шаарынын Мэриясы. Башка сөздөр менен, башкы максат – мыйзамдын кабыл алынуусу жана мамлекеттик жана жергилитүү бийлик тарабынан анын аткарылуусу;

- бешинчиден, Бишкек шаары боюнча борбор калаанын жашоочулары үчүн социалдык желелердеги жеке баракчасы аркылуу  түз эфирге милдеттүү түрдө жума сайын чыгуу менен коомдук кабыл алуу жайларын шайлоочулардын депутаттар менен түздөн түз жолугушуусу үчүн ачылуусу.

Мен өзүмдүн кыска шайлоо алдындагы программамдын аягында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ар бир шайлоочусуна биздин сүйүктүү шаарыбыздын тургуну, сиздердин досуңуз, кошуна, кесиптеш, ошондой эле биздин баа жеткис Мекенибиздин татыктуу жараны болгонумду билдирип  кетким келет! Жана менин өлкөмдүн жана менин элимдин тагдырына мен кайдыгер эмесмин! Жана депутаттык мандат бийликтин бар болуусу үчүн эмес, коюлган маселелерди чечүү үчүн курал гана болуп эсептелет! Жана эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылат!!!