Жогорку Кеңештин VII – чакырылышында мен төмөнкү негизги маселелерге токтолгум келет:

- Зарыл товарлардын, анын ичинде азык-түлүктүн кымбатташы менен күрөшүү. Монополияга каршы кызматтардын, мамлекеттик материалдык резервдин жана башкалардын ишин күчөтөм.

- Салык кодексин өзгөртүүнүн үстүндө иштөө. VI чакырылыштын депутаттары ишинин акыркы күндөрүндө “Дордой”, “Таатан” жана башка базарлардын жумушчуларынын олуттуу нааразычылыгын жараткан Салык кодексинин таптакыр чийки долбоорун бийлик Жогорку Кеңеш аркылуу сүйрөп өттү. Мен алардын мыйзамдуу талаптарын парламентте айтып, коргоого даярмын. Бул документти оңдоо керек! Салык реформасы — эмгекчилердин эсебинен эмес!

- Кыргызстанда авторитардык режимди орнотуу коркунучуна каршы күрөш.  Кыргыз Республикасындагы сөз, чогулуш жана башка саясий эркиндиктерди коргоо боюнча чараларды көрүүгө көмөктөшөм, акыркы жылдары козголгон бардык саясий мүнөздөгү кылмыш иштерин кайра каратууга аракет кылам.

 

- Өлкөбүздүн чек арасынын коопсуздугун бекемдөө жана чек ара маселелерин чечүү багытында иш алып барамын. Баткендин алыскы Зардалы айылына барып, чек арага байма-бай каттап жүргөн саналуу депутаттардын арасында мен да бар болчумун. Мен бул ишмердүүлүктү Жогорку Кеңеште улантам!

- Тарифтердин негиздүүлүгүн текшерүү боюнча иш алып баруу. Келерки жылы министрлер кабинети калк үчүн электр энергиясына тарифтер көтөрүлөрүн билдирди. Биздин принцип алгач энергетика тармагындагы коррупцияны жоюп, ачык-айкындуулукту киргизгенде , ошондо тартип болот.

- Өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүү жана реформалоо, анын материалдык базасын чыңдоо боюнча иштер. Чоң тажрыйбалуу мугалим катары мага бул суроолор өзгөчө жакын. Ошондой эле саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча да иштерди жүргүзүү. Мен мамлекеттик кызматкерлер үчүн социалдык кепилдиктер системасын күчөтүү боюнча иштөөгө даярмын. Бүгүнкү күндө күч органдарына гана батирлерди куруп жатабыз. Мугалимдерге, врачтарга да курулсун!

- “Коопсуз шаарды” ишке ашырууга жаңыча мамиле кылуу үчүн лоббирлөө. "Коопсуз шаар" калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек, айып пулду сордуруу үчүн эмес! Аны кыргызстандык программисттер жана компаниялар уюштура алат жана уюштурууга тийиш. Жок – дешибиз керек биздин акчаны чет өлкөгө айдап жатканга! Ооба – дейбиз коопсуздук маселелерин гана эмес, бүтүндөй шаардын чарбасын эффективдүү башкарууну камтыган «Акылдуу шаар» системасына!

- Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу программасын илгерилетүү. Түтүн көйгөйүнөн кийин баш калаабыз жакынкы арада ичүүчү суунун тартыштыгына сөзсүз кабылат. Бул маселени алдын ала чечүү керек!

- Свердлов районунун аймагында жайгашкан Бишкек шаардык таштанды полигонун рекультивациялоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү. Биз көп жолу убадаларга тойдук, чиновниктер бул ишти аягына чыгарууга мажбур болуш керек.

- Шаар үчүн пайдасыз жана коррупциялык келишимдерге каршы туруу. Бишкекке электроавтобустарды сатып алуу келишиминде коррупция ансыз деле камтылган! Биз анын негиздүүлүгүн текшеришибиз керек.

- Бишкектеги кароосуз калган жаныбарлардын көйгөйүн гумандуу жана заманбап чечүү. Свердлов районунун аймагында кароосуз калган үй жаныбарлары үчүн аларды стерилизациялоо жана эмдөө максатында баш калкалоочу жай түзүү

Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары ишимде “Социал-демократтардын” Бишкек шаардык Кеңешиндеги фракциясы, жарандык коомдун өкүлдөрү жана райондун калкы менен иштешүүнү көздөп жатам.

Мен ар дайым эл тарабындамын, карапайым эл тарабындамын!