Мен, Босивская Кристина Валерьевна, депутат болуп шайлансам:

1) адамдын колунан  же табигый кырсыктардын натыйжасында жапа чеккен жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүп, мамлекеттик колдоону камсыз кылуу, анткени алар биздин жаратылышыбыздын бир бөлүгү. Ал эми илбирстер биздин өлкөнүн өзгөчө белгиси. Баардык жапайы жаныбарлар корголушу керек, жапа чеккендер дарыланып, реабилитацияланып, сапаттуу камкордукка алынышы керек.

2) Жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү эмгек системасы кайтарылсын. Анткени, студенттердин бюджеттик орундарына мамлекет төлөп берип, окуу жайды аяктагандар чет өлкөгө кетип же адистигинен тышкары иштеп жатышат. Абитуриент менен мамлекеттин ортосундагы келишимдик системаны иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм, бүтүрүүчү университетти аяктагандан кийин мамлекеттин муктаждыгына жараша 3-5 жыл аймактык клиникаларда, мектептерде ж.б.у.с. иштеши керек.

3) Жумушчу күчүн баалоо жана пландаштыруу системасын түзүү. Билим берүү, экономика жана социалдык өнүгүү министрликтери мамлекеттин адистерге болгон муктаждыгынын перспективдүү планын түзүшү керек, ага ылайык ЖОЖдордогу бюджеттик орундардын саны аныкталат.

4) Мугалимдердин эмгегин баалоонун жаны системасы:  студенттердин окуудагы ийгилигине жараша адистердин эмгек акысы төлөнүн устак программасын камсыз кылуу. Мисалы, ЖОЖго тапшыруулардын окуучулары ЖРТдан, НКТдан эн көп балл алган мугалимдерге бонустарды киргизуу.

5) Медицина кызматкерлерине кол салгандар үчүн жазаны күчөтүүнү талап кылам. Мындай кылмыштарды укук коргоо кызматкерлерине кол салган сыяктуу кылмыштарга теңегиле. Дарыгерлерге, ошондой эле милиция кызматкерлерине өзүн коргоо үчүн курал колдонууга уруксат берилиши керек.

6) Таштанды ыргыткандар, чөптөрдү, токойлорду өрттөгөндөр үчүн айып пулду көбөйтүүнү талап кылам.

7) Токой жерлерине аудит жүргүзүүнү, Чүй өрөөнүндө бак-дарактарды отургузууга инвесторлорду тартууну талап кылам. Бул климатты жакшыртууга, кыштын карлуу болушуна жана суу сактагычтарды толтуруу маселесин чечүүгө жардам берет.

8) Республиканын дарыяларында бир катар чакан ГЭСтерди куруу маселеси боюнча адистер менен иштешем.

9) Калктын ден соолугун милдеттүү медициналык текшерүүдөн жана мамлекеттин эсебинен калкты анонимдүү скринингден өткөрүү программасын кароону сунуш кылам. Ден соолук – өлкөнүн экономикасынын жана туруктуулугунун негизи, ансыз күчтүү армия, эмгекке жарамдуу калк болбойт.

10) Мектеп окуучуларын каникул мезгилинде иш менен камсыз кылуу жана эс алуу программасын мамлекеттик колдоонун деңгээлинде ойлонуу жана ишке ашыруу: мектеп окуучуларын көңүл ачуу, өнүктүрүү жана эс алуу үчүн жайларды камсыз кылуу. Программаны иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана аткарууга волонтерлорду жана педагогикалык адистиктердин студенттерин тартуу.