Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары менин ишмердүүлүгүмдүн негизги максаты мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө, жашоонун адилет болушу үчүн, бизде татыктуу жашоо жана биздин келечек муундун келечеги кең. Менин негизги урааным “Мыйзамдуулук – тартиптин, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги”. Мыйзам бузган ар бир адам президентпи, министрби, депутатпы, жетекчиби же катардагы кызматкерби, же карапайым адамбы, ким экенине карабай жооп бериши керек. Мыйзам сакталган жерде коррупция болбойт.