Күчтүу эрк – күчтүү натыйжа!

  1. Жакырлыкты кыскартуу. Жакырчылык деңгээлин 2020-жылы 2 000 000 жаран түзгөн. Так ушунча жаран турак жай, кийим жана тамагы боюнча олуттуу кыйынчылыктарды башынан кечирип жатышат. Жакырлык сапаттуу билим алууга, жумуш табууга, өзүн өзү коргоого да мүмкүнчүлүктөрдү чектейт.

Зарыл: Жаңы жумуш орундары; ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүү берүү; жөлөк пул дайындоонун сын талаптары (критерии) кайра каралып чыгышы керек; жөлөкпулдар калкты колдоо жана жакырлыкты кыскартуу үчүн зарыл. Социалдык жөлөкпулдарды алууну жөнөкөйлөтүп, 100%га автоматташтыруу керек; мамлекеттин жумуш менен камсыз кылуу милдетинин эффективдүү аткарылышын так көрсөткүчтөр аркылуу өлчөө болот; жумушсуз калкты базарда суроо-талап эң эле көп адистиктерге окутуу ыкчам болууга тийиш.

  1. Билим берүү. Эл аралык аналитикалык борборлор азыркы учурда мектепке барып аткан балдардын 65%ы бүгүнкү күндө жок орундарда иштөө үчүн өсүп жатышканын белгилешти. Демек Кыргызстандагы билим берүү ийкемдүү, көнүмдүү болушу шарт. Билим берүү жоопкер, жарандык пикири бар адамдарды тарбиялоого багытталышы керек. Биздин балдар келишпестикке караганда шериктештик артык экенин, жеке кызыкчылыктан адилеттик жана чындык маанилүү экенин түшүнүүлөрү зарыл. Билим берүү дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүү үчүн балдарга кандай билим жана көндүмдөр керек деген суроого дайыма жооп издеши керек. Ушул стратегиялык маселелерди чечүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу күндүн талабы.
  2. Коррупция менен күрөш. Билим берүү жана маданият аркылуу алдын алуучу иштерди күчөтүү; жалпы мамлекеттик кызматка бийик этикалык стандарттарды киргизүү, жайылтуу; бийлик бутактарынын ачык айкындуулугу; соттордун көз карандысыздыгы; медиация институтун колдоо, жайылтуу; мамлекеттин жөнгө салуу (регулятордук) функцияларын кыскартуу, автоматизация, адамдык факторду минималдаштыруу; бийлик институттарына коомдук көзөмөлдү күчөтүү; парламентте жеке кызыкчылык менен мамлекеттик чечимдерди лобби кылууга кескин бөгөт коюу. Тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу. Мыйзамдарга, алардын долбоорлоруна карата компетенттүү экспертизасын камсыз кылуу; коррупция фактыларын ачыктаган жарандарды колдоо. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек! Коррупция менен натыйжалуу күрөшү учүн, парламент контролдук функциясын принципиалдуу аткарышы керек.

Кымбаттуу Свердлов районунун жашоочулары! Сиздердин колдоонуздар  жалпы улуттук маселелерди чечкенге чон салым болот деп ишенимдүү убада берем!