Токмулин Рафаэль Мубаракович

4 май  1967 жылы  Каракол шаарында төрөлгөн

1984 жылы Бишкек ш. орто мектеп №40 аяктады

1985-1987 ж.ж. Совет Армияда кызмат  өттү.

1985 жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна кирип, дарылоо адистиги боюнча жогоруда аталган институттун толук курсун 1993 жылы бүтүрдү. Ага врач-лечебник квалификациясы берилди.

Андан соң врач-патологоанатом, уролог, онколог, терапевт,  хирург болуп иштеди.

1995-1996 ж.ж. президент алдындагы башкаруу академиясында окуду.

2009 жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктады.  Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 2009-жылдын 18-февралындагы чечими менен ага юриспруденция адистиги боюнча юрист квалификациясы ыйгарылды.

Азыркы убакытта Бишкек ш. ҮМБда №12  жалпы практика боюнча врач  болуп иштейт.