Майрамбек уулу Калыс

Майрамбек уулу Калыстын өмүр баяны

Мен Майрамбек уулу Калыс 1995-жылы 28-сентябрда Бишкек шаарында туулгам. Түпкүлүгүм Ысык-Көл облусунан. Мен жөнөкөй үй-бүлөдөн болом. Атам Бейшеналиев Майрамбек Кеңешбекович 11.11.1966-жылы туулган. Ал өмүр бою милицияда иштеген, учурда убактылуу иштебейт. Апам Молдобекова Гүлжан Асыевна 03.08.1969-ж.т., Кыргыз темир жолунун Аламүдүн станциясында товардык кассир болуп иштейт. Байкем Майрамбек уулу Жаныш 27.03.1990-жылы туулган, чыгармачылык жана кино тартуу менен алектенет, 15.05.2002-жылы туулган карындашым Майрамбек кызы Элеся студент.

БИЛИМ БЕРҮҮ:

2002-2013-жылдары №1 орто мектепте окугам. 2013-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын юридикалык жана ишкердик факультетинин «Салык жана бажы укугу» адистигине тапшыргам. 2017-жылы академияны аяктап, бакалавр даражасына ээ болгом.

ЭМГЕК ИШТЕРИ:

2016-2017 ЖЧК "ГорПроект" архитектуралык компаниясында юристтин жардамчысы

2018-жылы "Марк Твен" маркетинг компаниясында долбоорлордун менеджери

2019 ЖАК «Банктар аралык процессинг борбордун» маркетинг боюнча адиси

2020-2021 "Марк Твен" маркетинг компаниясынын башкы долбоорлордун менеджери.

СОЦИАЛДЫК ИШ:

Мен дээрлик бүт өмүрүмдү коомдук ишке арнадым. Эң ири долбоорлор:

2014-жыл. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчысы

2015-жыл Кайрымдуулук иштер менен алектенип, Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кайрымдуулук концерттерин уюштургам.

2016 Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчысы

2017 Кыргызстандын аймактарына көчөт отургузуу боюнча “Жашыл Кыргызстан” долбоорунун катышуучусу.

2017 "Айданек" балдардын реабилитациялык борборуна акча жана буюмдарды чогултуу боюнча ай сайын акция жүргүзүү.

2017 Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган концертти уюштуруу боюнча ыктыярчы

2018 Ботаникалык бакчаны "Эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө" даярдоо боюнча акция уюштуруу.

2018 «Бирге» жаштар кыймылынын координатору.

2018 «Беш кадам» долбоорунун алкагында башталгыч курстагы студенттеринин дүйнө таанымын кеңейтүү максатында тренингдерди өткөрүү.

2018 Ботаникалык бакчанын бак-дарактарын ай сайын тазалоо жана иретке келтирүү боюнча “Мен Грутмун” акциясы уюштурулду.

2018 Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчысы, ыктыярчыларды координациялоо боюнча уюштуруучуларга жардам көрсөтүү.

2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары тууралуу “Дети кочевья” даректүү тасмасынын башкы каарманы.

2020 Коронавирус пандемиясы учурунда ыктыярчы болгом. Биз каражат жана дары-дармектерди чогултуу жана өтө муктаж болгон аймактарга гуманитардык жардам катары жеткирүү менен алектенгенбиз. Оор абалдагы бейтаптар үчүн Каракол шаарындагы ооруканаларга жетишсиз дары-дармектер жана кычкылтек концентраттары менен камсыз кылганбыз. Ошондой эле Бишкектеги стационарларды, оор абалдагы бейтаптар үчүн, дары-дармектер менен камсыз кылууга аракет жасаганбыз.

2020-жылы 5-октябрдагы революция учурунда жабыркагандарга биринчи керектүү жардам көрсөткөнбүз.

2020 Октябрь революциясынан кийин «Биздин Бишкек» ыктыярдуу элдик друженниктердин катарында, мобилдик топторду координациялоо боюнча иш алып баргам.

2021 Баткен окуясында ыктыярчы болуп, Баткен районунун тургундарына гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту уюштурулган.

Ошондой эле, “Баткенге жардам” башкы штабында окуяларды чагылдыруу жана коомго туура маалыматтарды жеткирүү боюнча блоггерлерди жана коомдук пикир лидерлерин координациялоо боюнча ишин алып баргам.

2021 «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү-2021» акциясынын өлкөлүк координатору. Жалпы республикалык ишембиликте Кыргызстан 190 өлкөнүн арасында ыктыярчыларды мобилизациялоо жана таштанды чогултуу боюнча биринчи орунду ээледи. (Акцияга өлкөнүн бардык аймактарынан 513 000 ыктыярчы мобилизацияланган)

2021 Колледж студенттери үчүн экология жана калдыктар темасында тренингтер өткөрүлдү.

СЫЙЛЫКТАР:

  • «Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын» өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору К.К.Керезбековичтен Ардак грамотасы
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Керезбеков Канат Керезбековичтен «АЗАМАТ» төш ​​белгиси (2015-ж.)
  • Академияны өнүктүрүүгө кошкон активдүү салымы үчүн КМЮАнын ректору Керезбеков Канат Керезбековичтен Ардак грамотасы (2015-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевден ыраазычылык кат (2016-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри Сариев Темир Аргембаевичтен ыраазычылык кат (2017-ж.)
  • КМЮАнын ректору Б.Ж.Рысмендеевден ыраазычылык кат (2017-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевичтен ыраазычылык кат (2018-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Ардак грамотасы (2018-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.Ниязбековдон ыраазычылык кат (2020-ж.)
  • «Азия Молл» соода борборунун башкы директору К.О.Шевченкодон ыраазычылык кат (2020)
  • Бишкек шаарынын мэри Түлөбаев Балбак Зарыловичтен ыраазычылык кат (2020-ж.)
  • «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» акциясын өткөргөндүгү үчүн «ЭкоДеми» Коомдук Фондунан ыраазычылык кат (2021)