Адамдар – менин программамдын негизин түзөт. Элдин колдоосу, татыктуу жана кесипкөй кадрлар, ошондой эле программадагы милдеттерге таянуу менен гана биз калктын жыргалчылыгын камсыз кыла алабыз. Анын негизинде коом жана бүтүндөй өлкө өнүгөт.

 

Мен сунуштап жаткан программа парламентте бери дегенде коомдун жыргалчылыгы үчүн эмне кылам деген көз карашты жана түшүнүктү, эл кызматына даярдыгымдын жана коом алдындагы жоопкерчилигимдин даражасын күбөлөндүрөт.  

 

Биздин райондун жашоочулары туш болгон көйгөйлөр көп жагынан Кыргызстандын булуң-бурчундагы маселелерге эле окшош.  Программанын ар бир пункту социалдык чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди райондук масштабда жана республикалык деңгээлде чечүүнү сунуштайт. ·                   «Түтүнсүз шаар». ТЭЦтеги чыпканы кыргызстандык ойлоп табуучу иштеп чыккан, башкаларга теңдеши жок фильтрга алмаштырабыз.·                   Калктуу конуштарга «кызыл китеп». Биз Свердлов районунун тургундарына көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан орчундуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик акт алууга көмөктөшүү ниетибиз бар.

  • Ирригаци – чечим бир: жаңы ирригациялык түйүндөрдү куруу жана эскилерин жаңылоо.
  • Туруктуу иштеген коомдук кабылдама – ар бир жарандын үнү көңүл борбордо.
  • Коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү. Автобустардын санын көбөйтүү жана кошумча линияларды ачуу. Мамлекеттик шатлдардын «акылдуу системасын» түзүү.
  • Пенсия. Улууга урмат, кичүүгө ызаат. Бул улуу сөздү туу тутабыз. Карыларды татыктуу жашоо жана эс алуу менен камсыз кылуу үчүн пенсияны дары-дармекке жана азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына жараша көбөйтүүнү көздөп жатабыз.