Атазов Шайлообек Карыбекович

1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган.

Билими: жогорку.

1996-2001-жылдары Ош технологиялык университетинин Юридикалык факультетинде окуган. 

2014-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" факультетинде билим алган.

Иш тажрыйбасы:

2002-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу;

2007-жылы Спорт комитетине караштуу Ош шаарындагы №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;

2010-жылы Бокс жана оор атлетика боюнча мектебинин директору;

2011-жылы Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору;

2012-жылы Ош шаарынын атайын адистештирилген автобазасынын башчысы;

2013-2014-жылдары Ош шаарынын Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору;

2010-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2018-2021-жылдары Бишкек шаарынын "EREM" спорт клубунун башкы машыктыруучусу.

2021-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.

 

Спорттогу жетишкендиктери:

2010, 2016, 2019-жылдары КР "Жылдын мыкты машыктыруучусу";

2015-жылы "Дүйнөлүк кубоктун" күмүш медалынын ээси, WAKO Россия, Анапа шаары;

2008-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги;

2006-жылы Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (WFK);

2005-жылы Ош облусунун "Жылдын мыкты спортчусу";

2004-жылы “Азия чемпионатынын” күмүш медалынын ээси (WAKO);

2003-жылы Бокс боюнча КР Спартакиадасынын чемпиону;

2003-2008-жылдары "КРнын кикбоксинг боюнча VI жолку чемпиону";

2000-2010-жылдары "Эл аралык турнирлердин чемпиону (Украина, Марокко, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Корея);

2005-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын көптөгөн эл аралык класс спорт чеберлерин тарбиялайт (бокс жана кикбоксинг боюнча).

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:

2004-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (С. Чырмашев);

2005-жылы Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (А. Артыков);

2006-жылы Кара-Суу районунун "Жылдын адамы" (М. Жумабеков);

2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (Ж.Исаков);

2008-жылы Ош шаардык билим берүү жана илим башкармалыгынын Ардак грамотасы (А.Балтабаев);

2008-жылы КРӨ алдындагы ФК жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (Б. Асанов);

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын отличниги (№ 321 буйрук);

2009-жылы КРӨ Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (№ 85 буйрук) (А. Воинов);

2009-жылы Жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ош обладминистрациясынын Ардак грамотасы (буйрук № 609) (М.Бакиров);

2010-жылы КРӨ алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин Ардак грамотасы (No 212-0 буйрук) (А. Касенов);

2011-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ардак грамотасы (Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов);

2012-жылы Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы № 304 буйругу (М. Мырзакматов);

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (К. Садыков);

2014-жылы Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, №103 буйрук (У. Примов).

Үй-бүлөлүү.