Талапкердин саясий көз караштары Кыргыз Республикасындагы туруктуулукту жана өнүгүп-өсүүнү камтыйт!

Мынданулам төмөнкүлөрдү артыкчылыктуу багыттар деп эсептейм:

Заманбап шарттарда коомдун туура өнүгүүсү, ошол эле учурда кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасында жашаган башка элдердин салттуу баалуулуктарын жана өзгөчөлүгүн сактоого умтулуу, адам укуктарын коргоо, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, улуттар аралык ез ара мамилелерди, ынтымактуу коңшулукту жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекемдое жана туруктуулукту камсыздоо!

Жогорку Кеңештин депутатынын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты төмөнкүлөр деп эсептейм:

Кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жакшыртууга көмөкчү боло турган мыйзамдарды кабыл алуунун үстүндө иштөөгө аракет кылуу менен демократичны бекемдөөдө бардык чараларды көрүү жана республиканын Конституциясына ылайык жарандык коомду өнүктүрүү!

Тагыраак айтканда, айрыкча республикада инфраструктураны өнүктүрүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө, өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү жааттарына инвестицияларды жумшоого, жаңы иш орундарын ачууга, өлкө үчүн керектүү кесиптерди жарандарга үйрөтүүгө, ошондой эле Кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөкчү боло турган башка керектүү багыттарда ишкердүүлүктүн бардык субъекттери тарабынан каржылык-чарбалык ишмердүүлүктү ыңгайлуу жүргүзүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуу.

Бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары алсыз болсо, албетте, демократиялык коомдун татыктуу өнүгүүсү мүмкүн эмес.

Өлкөнүн туура өнүгүүсүндөгү керектүү таасир төмөнкүлөргө алып келет:

  • Күчтүү аткаруу бийлиги. Анын аракети менен бүгүнкү күндө жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык (жаңы өзгөрүүлөр жана толуктоолор) өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана турукташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
  • Парламентке жана Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүнүн тартибине тиешелүү жаңы кабыл алынган мыйзамдар. Алар Парламенттин сапаттуу курамын жана ал кабыл алган мыйзамдарды жакшыртууга алып келет;

Сот системасынын коз карандысыздыгы;

Көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү органдардын ишинин сапатын арттыруу;

  • Мамлекеттик органдардын бардык деңгээлдеринде аткаруучулук тартип.

Мамлекеттик бийлик системасындагы бул жана башка багыттар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөкчү болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары өз ишмердүүлүгүндө алардын үстүндө иштеп, жетүүгө умтулушу керек.