1. жеткиликтүү турак жай, билим берүү, медициналык кызмат көрсөтүү, татыктуу пенсия.

Ар бир кыргызстандык медициналык кызмат көрсөтүүнүн кепилденген социалдык пакетке, жеткиликтүү баалар боюнча турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө, калктын аз камсыз болгон катмарына билим алуу үчүн гранттарга, окуу китептерине жеткиликтүү бааларга, пенсияны, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин эмгек акысын этаптуу көбөйтүүгө ээ болууга тийиш.

  1. Адамдардын жалпы маданиятын калыбына келтирүү, адамзаттын чыныгы маданий баалуулуктарын жалгоо, бала бакчадан тартып мектептерде, ЖОЖдордо, мамлекеттик мекемелерде жана бардык бийлик органдарында экологиялык тарбиялоо жана билим берүү.
  2. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мыйзамдарын либералдаштыруу жана гумандаштыруу; Жогорку Соттун судьяларынын иштөөсүн белгилүү бир мөөнөт менен чектөө. Сот системасында кадрларды ротациялоону системалуу түрдө жүргүзүү.
  3. Доонун эскириши нормасын коррупциялык аракеттерге карата гана эмес, бардык мамлекетке олуттуу финансылык зыян келтирген мамлекеттик кызматчылардын укукка каршы аракеттерине мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салууну кабыл алуу менен юридикалык практикадан алып салуу.
  4. Жашыл технологияларды, калдыксыз өндүрүштү ишке киргизүү, экологиялык таза өндүрүштү жана продукцияны өнүктүрүү, таштандыны сорттоо жана кайра иштетүү. Өндүрүштү кайта жандандыруу, жарандардын толук иш менен камсыз болушу үчүн жумуш орундарын түзүү, алардын кирешесинин жана жашоо деңгээлинин туруктуу өсүшүү.