Менин шайлоочуларым үчүн мен аракет кылам жана төмөндө көрсөтүлгөндөрдү биринчи кезекте аткарам деп өзүмө тапшырма коём.

1. Эң биринчилерден болуп адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууга.
2. Сөз эркиндигин, демократиянын үстөмдүгүн орнотууга.
3. Жогорку Кеңеште олуттуу маанилүүү элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, аткаруу бийлигин көзөмөлгө алууга.
4. Мыйзамдын так аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого.
5. Райондогу авариалык мектептердин оордуна жаңы мектептердин курулушун камсыздоо, бала бакчалардын санын көбөйтүү, заманбап оорукана, поликлиникалардын, сейилдөө бактарынын санын көбөйтүүгө.
6. Ички жолдорду оңдоп, жол чырактары менен толук кандуу көчөлөрдү камсыз кылууга, шаардын инфраструктурасын калыбына келтирүү, заманбап спорт комплекстерин курууну колго алуу, шаар тургундарын жетиштүү деңгээлде заманбап автобустар менен камсыз кылууга.
7. Чакан бизнес ачуу жана жумуш орундарын түзүү үчүн ишкерлерге шарт түзүүгө.
8. Жогорку пайыздык чендер менен байланышкан кредиттик компаниялардын ишин көзөмөлдөөгө.
9. Мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү системасын реформалоого.
10. Жакырчылык менен күрөшүп, социалдык теңсиздикти кыскартууга.