Кыргызстан элинин кызыкчылыктары биринчи оорунда

            Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү өлкөдөгү кырдаалдын түп-тамырынан жакшы жагына өзгөрүшүн каалайт. Элдин курсагы ток, кийими бүтүн, үстүндө үйү болуп, ден соолугу чың болуп, балдары татыктуу билим алышын каалайт. Өлкөдө тынчтык жана жыргалчылык өкүм сүрүп, элдин коопсуздукта болушун тилейт. Руханий-адептик багыттарга, салтты урматтоого, мыйзамдарды сактоого артыкчылык берилип, эл ынтымактуу жана биримдикте болуп, ал эми мамлекет күчтүү жана гүлдөп өнүккөн өлкө болушун каалайт.

Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы дал ушунда турат. Эртай Искаков бул кызыкчылыкты жеке кызыкчылыгындан жогору коёт жана аларды коргоо үчүн бардык убактысын, болгон күч-аракетин жумшоого даяр.

Коррупциянын жок кылынышы коомдун жана мамлекеттин бардык жашоо чөйрөсүндө позитивдүү өзгөрүүлөрдүн негизги себеби

Коррупция – коомубуздун жана мамлекетибиздин өнүгүшү жана гүлдөп өсүшү үчүн негизги тоскоолдук. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жооптуу кызматты ээлеген адамдар жеке баюу максатын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон учурдагы системаны бузуу керек.

Кесипкөй жана чынчыл кадрларды даярдоонун жана тандоонун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган өзгөрүүлөр зарыл. Муну менен катар мамлекеттик чиновниктердин эмгек акысын көтөрүп, иштөө шарттарын жакшыртуу керек. Ошол эле убакта коомдун жана мамлекеттин бардык жашоо чөйрөлөрүндө коррупцияны жок кылуу зарыл.

Ленин шайлоо округу – борбор калаа үчүн дагы, жалпысынан Кыргызстан үчүн дагы тургундардын учурдагы социалдык-тиричилик көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүүнүн үлгүсү.

Бишкек – жалпы өлкө үчүн ийгиликтүү өзгөрүүлөрдүн үлгүсү боло турган Кыргызстандын борбор калаасы. Ленин шайлоо округунда болсо социалдык-тиричилик көйгөйлөрүн жана өнүгүү маселелерин чечүү үчүн натыйжалуу система түзүлө турган пилоттук районго айланат.

Кандидат Эртай Искаковдун ою боюнча бардык көйгөйлөр маселеге тийиштүү тараптардын активдүү бирге аракеттешүү аркылуу чечилет.

Бардык социалдык-тиричилик көйгөйлөрүн жана өнүгүү маселелерин чечүү үчүн Ленин районунун калкынын, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын, райондук мамлекеттик администрациянын, Бишкек ш. мэриясынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жеке ишкерлердин ортосунда өз ара аракеттенүү системасын түзүү үчүн болгон күч-аракет жумшалат.

Оң рулдуу автомобилдерди алып келүүгө расмий түрдө тыюуну жокко чыгаруу       

Оң рулдуу автону алып келүүгө тыюу салууну жокко чыгаруу менен жеңил машинанын баасын 2-3 эсе арзандалата, ал эми Кыргызстандын автопаркын олуттуу жаңыртылат.

Япониядан алынып келинген оң рулдуу авто арзан, сапаттуу, ишенимдүү, үнөмдүү жана экологиялык автомобилдер экендиги жалпыша таанылган.