Коопсуздук багытында

Мамлекетибиз көз карандысыздыкты камсыз кылган коопсуздукту чыңдоонун үстүндө дайыма аракет көрүп туруусу зарыл. Коопсуздукту камсыз кылуучу тышкы саясатыбыз үзгүлтүксүз жүргүзүлүш керек. Ошол эле убакта өлкө ичинде укук коргоо органдары жана армиябыз баардык жагынан даярдыгы жогору болушун камсыз кылуу зарыл.Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо үчүн элибиз жапа тырмак жардам берсе, бир топ ийгиликтерге жетсе болот.

 

Социалдык багытта

Мамлекетибизде күчтүү  социалдык саясат жүргүзүлүп, жарандарыбызга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган адилеттүү социалдык саясат камсыз болуусу зарыл. Сапаттуу билим берүү инфраструктурасы, жеткиликтүү саламаттык сактоо системасы, жашоо шарттары начар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түз жардам берүүнүн ачык түзүмү - негизги милдеттер болуп кала бериш керек.

 

Экономикалык багытта

Бизнести жана ишкерлерди колдоо мамлекеттик саясаттын өзөгү болуп калуусу зарыл. Мамлекет бул жаатта көп иштерди жасап жатат, бирок ал жетишсиз.  Ар бир кыргызстандыктын ишкер болуусуна шарт түзүүгө аракет көрөбүз. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө мыйзамдык деңгээлде көмөктөшү – парламентарийлердин милдети.

 

Бишкек шаарын өнүктүрүү багытында

Бишкек - жашыл, экологиялык жактан таза шаар болуп келген. Орто Азиядагы эң жашыл шаар деген наамды кайтарып алууга мезгил жетти. Шаардын борборунда көчөлөр көп болушу керек, ал үчүн баардык майда көчөлөрдү реконструкция кылып, аларды чоң көчөлөргө кошуп чыгуу зарыл. Шаардагы тыгындарды азайтуунун эң радикалдуу жолу – шаардын административдик борборун шаардын борбордук бөлүгүнөн четине чыгаруу.