Камбаров Мирлан Адилбекович

 Камбаров Мирлан Адилбекович 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулгам.

1996-жылы алгач №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектепке барып, 2006-жылы аяктагам. Ошол эле жылы И.Раззаков атындагы Политехникалык институтуна тапшырып, 2011-жылы ийгиликтүү аяктап, «Инженер-энергетик» адистигине ээ болгом.

2008-жылы КАСКАД ТГЭСине электр машиналарын тейлөө боюнча 2-категориядагы энергетик болуп ишке орношком.

2010-2012 жаштардын демилгеси менен Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы жаштар комитетинин төрагасы болуп шайлангам.

Ошондой эле 2014-2016-жылдары Кара-Көл шаарынын шаардык кеңешинин депутаты болуп шайлангам.

2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Документтик камсыздоо жана административдик камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси болуп иштегем.

2021 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде  Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана майыптар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенгем.

2021-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин сектор башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келдим

убактылуу иштебейт