№ 26 - Ленин  районунан бир мандатуу шайлоо округу боюнча менин программамда биринчи кезекте шаарыбыздызды өнүктүрүү боюнча төмөндөгүдөй  милдеттерди койдум:

  1. Мен, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жарандардын биримин. Өлкөдө кандай гана көйгөйлөр болбосун өзүмдүкү деп санап, аны чечүүгө даярмын. Башкалар сыяктуу курулай убадалардан, жеке максатты көздөгөн, адамдардын бийликке кайра-кайра келип жатканынан эл тажады. Бирок, муну өзгөртүү үчүн бизге мүмкүнчүлүк берилип жатат. Ошондуктан, мен шайлоого катышууну чечтим.

Менде эч кандай бизнес жок, карапайым элдин көйгөйлүү маселелери  ойлондурат. Азыркы убактагы олуттуу маселе:  «Таза абаа, таза суу,  таза жашоо, таза шаар жана кесипкөйлөрдү тандайлы» деген ураан  менин  программамдын негизги өзөгү болуп саналат.

  1. 2. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн эң негизги шарты: бул саясий, укуктук, социалдык-экономикалык, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу.
  2. 3. Биз кандай гана идеялар, концепциялар, программалар жана пландар болбосун, кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн мамлекетибизде ынтымакты орнотуу эң маанилүү деп эсептейм.
  3. 4. Кыргызстанда билим берүү тармагында көптөгөн көйгөйлүү маселелер өтө көп. Келечектеги муундарыбызга заманбап билим берүүнүн деңгээлин жогорлатуу, татыктуу кесипке, билимге ээ болуусуна шарт түзүү.
  4. 5. Бүгүнкү ааламдашуу шартында ар тармактагы кесипкөй адамдардын иш тажрыйбаларын жана билимдерин туура пайдаланып, өлкөбүздүн өсүп-өнүүгүсү үчүн кесипкөй өз кесибинин устаттарын жана билимдүү жаштарды мамлекеттик кызматтарга тартуу. Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу. Кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү. Кыргыз элинин тарыхын чагылдырган идеологиябыздын өзөгү болгон “Манас”эпосун бала бакчалардан баштап окутуп, улуттук каада-салтыбызды, жаштардын аң сезимине жеткирүү.
  5. Аялдар – коомдо зор күч. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн баардык тармагында эмгектенип жаткан аялдардын укугун коргоо жана үй-бүлөөлөрдү колдоо, зомбулукту кыскартуу.
  6. Элдин кенен катмарына электрондук технологияларды киргизүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, борборлоштурулган маалыматтар базасын жакшыртуу, жеңилдетилген кредиттерди берүү, ипотеканы жана үй курууну өнүктүрүү.

Урматуу шайлоочулар! Эң башкы маселе: элибиздин биримдикте, ынтымакта жашап, өлкөбүздүн бакубат өнүгүүсүн каалайбыз. Сиздердин кызыкчылыгыңыздарды коргойм, бир дагы кайрылуу көз жаздымда калбайт. Сиздердин колдооңуздар биздин жеңиш!