- Жаштарды колдоо – бул келечекке кам көрүү.
 
Аймактагы жаштарды колдоо үчүн жумуш орундарын түзүү, аларга багыт берүү, чакан бизнестерди ачууга долбоорлорду, инвесторлорду тартуу керек. Ушундай жол менен гана миграциянын агымын азайтса болот.
- Аймактагы тургундар үчүн жөө жүрүүчү жолдор, эс алуу парктары, скверлер салынат. Мындан тышкары спорттук зал, футбол аянтчаларын салып, алардын дени сак болушуна кам көрүү.
 - Кыргызстанда чакан тигүү фабрикаларын ар бир райондун борборунда ачылышын колдоого алып, импортко шарт түзүү.
 - Медицина жана билим берүү кызматкерлерин социалдык пакет менен толук камсыздоо.
 - Айыл-чарбасын өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү кредиттерди тартуу, ошондой эле бештен жер айдоочу трактор, комбайнды тейлеген ишканаларды райондук администрациялардын алдында түзүп, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын экспортоого шарттарды түзүү.
 - Райондун борборлоруна биринчи этап жаратылыш газын жеткирүү, экинчи этап менен андан ары айылдарга чейин жеткирүү.
 - Ар бир айылды таза суу менен камсыздоо. Кайрак жерлерге сугат суу жеткирүү менен жаңы жерлерди өздөштүрүү.
 - Кайра иштетүү ишканаларын куруу, жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Биздин максатыбыз - Кыргызстандын товаларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатуу рынокторун кенейтүү.
 - Бизге медициналык мекемелерди толук реабилитациялоо керек. Капиталдык ондоо, кошумча имараттарды куруу, заманбап жабдууларды сатып алуу – бул биринчи кезектеги иштер.
 - Пенсионерлерге райондун борборлоруна акысыз тейлөөчү атайын медициналык борборлорду түзүп, аларга талаптагыдай көңүл буруу.