Медеров Азамат Медерович

Мен, Медеров Азамат Медерович 1984 жылдын 21 -  августунда «Фрунзе» шаарында төрөлгөм. 1991 – жылы №58 орто мектебине биринчи класска баргам. Орто мектепти бүтүргөн соң 2001 – жылы Кыргыз Улуттук Университетине экономика факултетинин каржы жана насыя адистигине тапшырып, 2006 – жылы ийгиликтүү аяктагам. 2006 жылдан баштап өзүмдүн адистигим боюнча Жайыл райондук Мамлекеттик салык инспециясында иштеп баштагам. 2006 – жылдан баштап 2017 – жылга чейин ушул тармакта иштегем. 2017 – жылдан тарта ушул убакытка чейин жеке ишкерлик менен алектенем. Үй – бүлөлүү, үч кыздын атасымын.