Атамдын: “Таза бол, так бол, намыскөй бол” деп айткан акылы менен жашап
келем.
Куулук, кошоматчылык шыгым болбогондуктан, мүнөзумө ылайыктуу
Германия элчилигинде эмгектенип калдым. Жакшы кулк мүнөз, акыл, билим
менен коомго, эки элдин карым катнашына пайдам тийсе деген тилегим бар.
Бул күнгө чейин Кыргызстандагы партияларга мүчө болуудан баш тартып
келгем, себеби, партиялар копчулук учурда саясий очко топтоо менен алек
болуп, чыныгы элдин үнүнөн четтеп калат.
Аймактын конушундагы дээрлик көп маселдерин көйгөйлөрдүн чечилишине
аралашып жүргөндөн улам, аксакалдардын, апалардын, жашоочулардын
батасы менен ушул шайлоого катышып жатам. Эми Ленин районунун
көйгөйлөрүн чечүүгө, мамлекет менен элдин ортосундагы элчи башкача
айтканда “копуро” болуп кызмат кылганга аттанып, озумду сунуштап жатам.
Жогорку Кенештин депутатынын негизги милдети бул мыйзам чыгаруу
болуп келет, ошол себептен, адилеттүү, сапаттуу, элге иштеген мыйзамдарды
иштеп чыгуу.
1 - Жалпы элдик тазалануу.
2 - Тарбия жана тартип.
3 - Жараандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна кам корүү.
4 - Курултай институтун бекемдөө.
5 - Жоопкерчиликти жогорулатуу.
6 - Ынтымакты бекемдөө.
7 - Жаштарга татыктуу билим жана жумуш орун.
Жогорудагы көрсөтүлгөн иштерди аткарууга болгон энергиямды,акылымды, кучумду жана билимимди жумшганга даярмын.