Мен, Салихов  Кенеш  Каримович, Баткен  районунун  Самаркандек айылынын  тургуну, кесибим  боюнча  орус  тили  жана  адабияты  мугалими. Мектепте  мугалим, завуч, директор, айыл  өкмөт башчысы, райондун  акими, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн  биринчи  орун  басары, райондор  аралык эмгек жана социалдык  өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы  болуп иштеп  келгенмин. Депутаттыка талапкерлигимди  койгонумдун  себеби: мамлекетибизге, элибизге  кызмат  кылып, элибиздин  жашоосун  жакшыртууда , өлкөбүздүн  өнүгүшүнө  салым  кошоюн  деген  максатым  бар. Өзүмдүн  программамда  төмөнкү  маселелерге  көңүл  бурам:

1.ЖК  депутаты – бул  элдин  мыйзам  чыгаруучу  өкүлү. Элдин  жашоо  шартын  жакшыртуу  жана  өнүгүүгө  жол  ача  турган  мыйзамдарды  жазуу,  кабыл  алуу , өзүнүн   шайлоочуларынын  укугун  мыйзамдуу  жолдор  менен  коргоо, элдин  көйгөйлөрун   бийлике  жеткизүү  бул депутаттын  милдети.  Баткен  облусуна  өзгөчө  статус  берилген  мыйзамга  кошумча  жеңилдиктерди  киргизүү  боюнча  мыйзамдарды  иштеп  чыгуунун үстүндө иш  алып  барам.  

2.Чегара  маселесине  өзгөчө  көңүл  буруш  керек. Чегара  чечилмейинче элдин  жашоосунда  кыйынчылык  боло берет, чегара  эки  тараптуу  сүйлөшүүлөр менен  гана  чечилет, жер  алмашууга  барыш  керек. Чегара  маселелери  дайыма  менин  көзөмөлүмдө  болот  жана  жакындан  жардам  берүүгө мен  дайыма  даярмын.

3.Баткен  облусунда  чегарада  жашаган   элдерди  кармап  калуу  үчүн   социалдык   жактан  колдоо  көрсөтүү  керек, салыктардан, электроэнергиянын  төлөмдөрүнөн   женилдиктерди, пайызсыз насыяларды бериш  керек, ушул  боюнча  тиешелүү  мыйзамдарды  кабыл  алуу  менен  бирге  алардын  аткарылышын  көзөмөлгө  алам.  Бүгүнкү    күндө  миграция  өтө  күчөгөн,  миграцияны  азайтуу  үчүн   жумуш  орундары  менен  камсыздоо зарыл. Пайызы  төмөн  насыяларды  берип, Баткен  облусуна  келген  инвесторлорго  салык  жана  башка  женилдиктерди  бериш керек. Инвесторлор  жана  донорлор  менен тыгыз  иш  алып  барам.

4.Өтө  дагы  бир  чоң  маселе  Баткен  облусунда  бул  сугат  жана  таза суунун  жетишсиздиги. Козу Баглан, Ак Суу, Кожешкен  дарыяларынан  инвесторлор, донорлор  менен   биргеликте  элибизди  үзгүлтүксүз  суу  менен  камсыз  кылууга көмөк  көрсөтөм.

5.Билим  жана  маданиятка  жакшы  көнүл  буруш  керек, балдарыбызга билим  алуу  үчүн  жакшы  шарттар  түзүлүш  керек, жаңы заманбап  мектептерди, бала бакчаларды  жана  маданият  үйлөрүн  мамлекет  куруш керек.  Жакшы  билим  берүү  жана  айылдарда  элдин   маданиятын  көтөрүү  үчүн  мугалимдердин  жана  маданият  кызматкерлеринин айлык  акыларын, жашоо  шарттарын  жакшыртуу боюнча  иш  жүргүзөм, тиешелүү  мыйзамдарды  жазуу  жана  кабыл  алуунун  үстүнөн  иш  алып  барам.

6.Ден-соолук   жана  спорт   маселерине  дагы  мамлекетибиз  көңүл  буруш  керек.  Айылдарыбызда  дарыгерлер   жетишсиз,  жаш  дарыгерге  шарт  түзүү  менен  бирге  айлык  акысын  жакшы  төлөп  бериш  керек,   болбосо  5-10 жылда  айылдарда  дарыгер  таппай  калабыз, жаш  адистер  баары  шаарларга  кетип  калат. Тиешелүү  мыйзамдарды кабыл  алыш  керек.  Элдин  ден-соолугун  чындоо  үчүн  айыл  жерлеринде  спортту  өнүктүрүү  зарыл,  спортзалдарды, спортаянтчаларды  куруу менен  бирге  спортсекцияларды  көбөйтүш  керек.

7.Баткен  облусунда туризм  тармагын  өнүктүрүү  керек, элибиз  үчүн  бул  кошумча  киреше  алып  келет, өнүктүрүүгө   жол  ача  турган  мыйзамдарды  жазуу  жана  кабыл  алуу депутаттын  милдети  деп  эсептеймин.

Негизги  ушул  маселердин  чечилишине  мен  өзүмдүн  салымымды  кошом  деген  ойдомун, керектүү  мыйзамдарды  кабыл  алууда, элимдин көйгөйлөрүн  бийлике  жеткизүүдө, инвесторлорду, донорлор  тартууда  бардык  күчүмдү  жумшаймын. Элиме, жериме  чын  дилимден  кызмат  кылууга  даярмын.