Күчтүү, тажрыйбалуу жана эрктүү Парламент - бул мамлекеттин өнүгүүсүнө, өкмөттүн элге болгон кызматын жогорку деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзүүчү көрсөткүч. Ал эми мамлекеттик камкордукта турган элдин бирден бир жогорудагы айтылган формулага таасир берүүчү жолу, татыктуу депутаттарды шайлап алуусу деп эсептейм жана бул менин шайлоо алдындагы программамдын негизги багыттарынын бири. Ошол себептен, мен, чоң жоопкерчиликти сезүү менен жана ошондой эле өз элиме жана мамлекетке кызмат кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу № 2 Баткен шайлоо округунан өз талапкерлигимди көрсөттүм. Ошону менен бирге төмөндөгүчө шайлоо алдындагы программамды сунуштайм:

Экономикалык өнүккөн аймак. Чет өлкөлүк ишкерлеР менен сүйлөшүү жана аларды районго тартуу жолдору менен, Баткен облусунун негизги айыл чарба продукцияларын дүйнөлүк брендге чыгаруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттерди тынымсыз жүргүзүү пландарыбыз бар. Баткен облусунун чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, аларды колдоо боюнча тиешелүү Мыйзамдар аркылуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен тыгыз иштешүү аркылуу ыңгайлуу шарттарды түзүү жаатында инвестицияларды тартуу жана Баткен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүүнү колго алуу зарыл. Натыйжада, кошумча жумуш орундары түзүлөт, сырткы миграцияга кеткендердин саны азаят.

Социалдык камсыздоо. Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон ҮЙ бүлөлөргө жана калктын аярлуу катмарына мамлекет өзгөчө көңүл буруп,  жөлөк пул чегерүү жана анын талаптарын мыйзамдар аркылуу карап чыгып, жөлөк пул алууну жеңилдетишибиз керек.

Чек ара маселеси. Баткен облусунун түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече аңкылаптар бар. Көптөн бери Тажикстан менен болгон чек ара жалпы кыргыз элинин жүрөктү өйүткөн маселеси болуп келген. Акыркы жылдары бул маселе да чечилүү жолунда келе жатат. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоодо элдин үнүн эске алуу менен, дипломатия жана гумандуулуктун негизинде кадамдарга баруубуз зарыл экендигин белгилейм. Тынч жана эркин чек ара бул экономикалык жактан жергиликтүү элдин жашоо шартына таасир берүүчү фактор деп эсептейм. 

Миграция. 2020-жылдан тартып карапайым эл катары чет өлкөдө мигрант болуп эмгектенип, тышкы миграция боюнча болгон көйгөйлөрдү өз жонум менен сезип көрүп келдим.  Чет жерде эмгектенип жүргөн жарандарыбыздын укуктарын коргоо, алардын толук кандуу иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүү, чет өлкөдө жумушка орношуу боюнча жарандардын документтерин каттоодо, бюрократиялык жана башка тоскоолдуктарды жоюу боюнча мамлекеттер аралык келишимдердиН мыйзамдары аркылуу чечүү.

Таза суу. Баткен облусунун эң негизги көйгөйү - облус жашоочуларын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.  Аны чечүүгө ички ресурстардан сырткары донорлордон кошумча жардамдарды тартууга көмөк көрсөтүү. Ар бир айыл аймагында сугат иштерине керектелүүчү суу сактагычтарды, каналдарды  курууну карап чыгуу, себеби Баткен облусунда суу агымдары абдан көп.

Билим берүү. Жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу. Ата энелери миграцияда жүргөн балдарды кошумча тарбиялоодо жаңы ыкмаларды мыйзамдар аркылуу киргизүү.

Саламаттыкты сактоо. Үй бүлөлүк медицина борборлорунун ар бир айылда болушу зарыл. Медицина боюнча жаш адистерди Баткенге тартуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү, себеби жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү биздин негизги милдетибиз.

Транспорттук жана авиакаттамдардын шарттарын жогорулатуу. Аталган чөйрөдө менин жана командамдын тажрыйбасын эске алуу менен авиакаттамдардын санын көбөйтүүгө жана бааларды төмөндөтүүгө конкретүү иш пландарыбыз бар жана ишке ашырууга болгон аракетти жумшайбыз.

Жаштарды колдоо. Жаштардын потенциалын, жөндөмдөрүн бардык тараптан өнүктүрүү боюнча аракеттер жана кадамдар бул келечекке өбөлгө түзүү болуп саналат. Ошол менен бирге жаштарды колдоо боюнча спорт комплексттерин жана билимди жогорула туу борборлорун ачуу боюнча КР Өкмөтү менен иш алып барабыз.

Санарип Баткен. Жарандарыбызга азыркы учурда көптөгөн мамлекеттик кызматтарды маалыматтык технологиялар аркылуу алуу оңой болуп калды. Бирок, бул кызматтарды республиканын бардык булуң-бурчуна жеткирүү ар кандай себептер менен көйгөй болуп келет.  Замандын талабына жараша жаңы маалыматтык технологияларды өздөштөрүү жана санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл жана Баткен районунда IT-тармагындагы жаңы кесиптин ээлерин чыгаруубуз зарыл.