Жараткан өзү колдоп жана элим ишеним көрсөтүп, жеӊишке жетип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп шайланып калсам, төмөндөгү максаттарымды ишке ашырууга даярмын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын «Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу» жөнүндөгү мыйзамынын ыйгарым укуктарынын негизинде Өлкөбүздүн жаркын келечеги жана элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн керектүү мыйзам долбоорлорун демилгелөөнү;
- Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүп, элибизди жумуш орду менен камсыз кылуу максатында тышкы жана ички инвесторлорду ошол эле убакытта ишкерлерди мамлекеттик деӊгээлде колдоого алып, аларга ыӊгайлуу шарттарды түзүүчү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну;
- №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунда негизинен алганда дыйкан фермерлер жана базарда соода кылган соодергерлер басымдуулук кылышат. Айыл – чарбасын колдоо жана өнүктүрүү максатында, дыйкандарга, фермерлерге, суугат суу маселери жана соодагерлерге, товар өндүрүүчүлөргө жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгуучуларга жеӊилдетилген шартта насыя алуу жана өлкөбүздөн чыккан айыл чарба жана өндүрүш товарларын ортомчулары жок дүӊүнөн сатууга мумкүнчүлүктөрдү түзүүнү;
- Өлкөбүздүн энергетика тармагын реформалап, тармактагы ири коррупциялык аракеттерди түп тамыры менен токтотуу, коррупцияга ылайыкталып майдаланган энергетикалык ишканаларды бириктирип, жаӊы талапка ылайык иш билги адистерди жумушка тартып, эффективдүү башкарууну киргизүүнү жана кичи энергетика өндүрүүчүлөрүн ар тараптуу колдоого алууну;
- Медициналык, социалдык, билим берүү, маданият, спорт тармагындагы жергиликтүү мамлекеттик жана муниципиалдык мекеме ишканалардагы койголуу маселелерди чечип жана эмгектенип жаткан жарандарыбыздын айлык маяналарын көтөрүү, аларды социалдык жактан камкордукка алуу, пенцияга чыкканда татыктуу пенция алууга шарттарды түзүү жана алардын коомдогу аброюн жогорулатууну, ошол эле убакта алардын социалдык гарантияларын олутуу көтөрүүнү;
- Үй – бүлөсүн багуу максатында чет өлкөлөрдө иштеп жаткан жарандарыбыздын укугун коргоону мамлекеттик деӊгээлде колго алууну;
- Мамлекеттик бюжеттен сарпталган каражаттарды каттуу көзөмөлгө алуу менен жыл сайын жыйнтыгын талап кылуу.8. Суугат суу маселеси жыл сайын татаалдашып суу тартыштыгы жаралып жатат. Суугат суу маселеси боюнча замандын талабына жараша суугат сууну унөмдү пайдалануу жана суу жетпеген жерлерге сууну жеткиликтуу кылуу учун өкмөт менен тыгыз иш алып барып жана жаны мыйзам долбоорлорун сунуштоо менен чечүнү талап кылуу.
- Кыргыз Республикасынын армиясын күчөтү жана бюжетин көтөрү.
Урматтуу Элим, келечекте дуйнодогу эн алдыкы мамлекеттердин катарыда болууну калаап энсеп турсаныз анда Биз менен бирге болуп бизди танданыз.
Үстүбүздөгү жылдын 28 – апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VII чакырылышынын депутатарын шайлайбыз.
Бул, биздин өлкөбүздүн келечекке бара турган тарыхый жолун тандап алуу болуп эсептелет.
Андыктан, келээрки жылдын ичинде өлкөбүздүн өнүгүп – өсүүсү үчүн жана келечек муундун эртеӊки турмушуна кайдыгер карабасаӊыздар, люстрация жасоону кааласыӊыздар анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VII чакырылышынын дупаттарын тандоо учурунда өз добушуӊуздарды билимдүү жана эрктүү ЖАШ ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ бирүүӊүздөрдү суранамын.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Ош шаары Резиденция №4 көчө №8 үй
Почта: orunbaevturdubek@gmail.com