Мен, Кубанычбек уулу Илимбек. Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында төрөлгөм. Медицина тармагында эмгектенем, кесибим боюнча дарыгер-ортодонтмун. Саламаттык сактоо тутумунда иштеген адам катары мен үчүн калк саламаттыгы кымбат. Б.Н. Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетин дарыгер-ортодант адистиги боюнча аяктагам. Билим алуу мен үчүн ийне менен кудук казгандай болгондуктан, И. Ахунбаев атындагы кыргыз мамлеккеттик медициналык акдемиясында билим алгам.  Калкка медициналык гана эмес, укуктук жактан дагы жардам колумду сунайын деген ниетте Ош мамлекеттик универститетинде юристпруденция адистиги боюнча билим алып жатам. Медицина тармагынын кызматкери болгондуктан, кесибим менен коомдук ишимди айкалаштырып, элдин ден соолугун сактоону, чыңдоону максат кылдым. Бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттандым. Менин программам жөнөкөй, ошол эле учурда аткарууга жөндөмүм жеткен тапшырмалардан турат. Ал дени сак, бакубат жашоого багытталган.

Менин программамдын өзөгүн – СУУ түзөт. Себеби суу – өмүр булагы. Эгер калктын ичүүчү суусу таза болсо – баарынан да элдин саламаттыгы чың болуп, жугуштуу оорулардан оолак болот. Ал эми сугат суусу дыйканчылык талааларга жетип турса, азык-түлүк коопсуздугу алдын алынат жана да түшүм мол болот. Мындан улам, таза суу менен сугат суусунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жетишүү – артыкчылыктуу багытым!

Кара-Суу шаарындагы канализация маселеси. Азыр калаа эмес, айыл жеринде ар бир үйдүн ичинде суу чыгарып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бирок Кара-Суудагы көп кабатуу үйлөрдүн тургундары сууну сырттан ташып ичкени 21-кылымдагы элестете турган көрүнүш эмес. Бирок мындай жагдай бар, аны капка каткан ийнедей ката албайбыз. Муну чечүүнүн жолун билем!

Кара-Сууда калк көп отурукташкандыктан, социалдык объектилердин жетишсиздиги бар. Ооба, мамлекет колдон келишинче бул багытта аракетин көрүүдө. Бирок чама чак болгондуктан, социалдык мааниси бар жайлардын курулушун мамлекетке жардам берип, маселени чечүү боюнча аткаруу бийлиги менен биргеликте аткара турган ишимдин планын түзгөм!

Анан албетте – ЖОЛ маселеси. Айылдарды район борбору менен байланыштары турган каттамдардын начардыгы. Бул боюнча дагы канча чыдайбыз деген элдин үнү – мен үчүн тапшырма. Аталган көйгөйдү чечүүдо эл аралык тажрыйбаны эске алуу маанилүү. Бул багытта дагы бере турган сунушум, жасай туруган ишим бар!

Айылдарга каттай турган КООМДУК ТРАНСПОРТТУН аздыгы эле эмес, таптакыр жоктугу, албетте жергиликтүү тургундардын көкөй кескен көйгөйү. Бул маселени чечүүдө мамлекеттин гана көзүн карабастан, жергиликтүү бийлик менен биргеликте чечсе болот. Демек, чечим бар!

Урматтуу шайлоочулар! Көпчүлүгүңүздөр мени кайсы учурда болбосун жардамга кол сунган адам катары билесиздер. Буга чейин Ак-Таш - Жылкелди жолун асфальттадык. АРИС программасы менен 36 млн сомго Ак-Таш айылындагы Артыкбай Шеркулов орто мектебин  капитальный ремонтун бүтүрдүк. Көп жылдан бери бүтбой  жаткан 76 гектар кайракы жерди трансформациядан өткөрдүк. Анан да өтө талылуу маселе болгон - боор, бөйрөк алмаштырууга муктаж болгондорду Индияга операцияга жөнөтүүгө көп салым кошконмун. Муну элге жакшы көрүнүү, журт алдында кадыр-баркка ээ болуу үчүн берген жокмун. Мен үчүн кайрымдуулук – бул ынтымак менен ырашкерликтин улуу күчү жана эл жүгү деп түшүнөм. Ынтымактуу элимдин сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына №9 Кара-Суу шайлоо округунан талапкерлигимди койдум.

Ар дайым карапайым калктын кызыкчылыктарын коргоого даярмын. Жакырчылыкты жоюу, кичи жана орто бизнести колдоо, айыл чарба, туризм, логистика жана IT-технологиясы тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүү – шайлоо алдындагы программамдын негизин түзөт. Жумушчуларга жетиштүү деңгээлде маяна төлөө, бардык жарандарга медициналык тейлөөнү, сергек жашоо үчүн спорт менен машыгууну жеткиликтүү кылуу артыкчылыктуу багытым болот.

Таза суунун, сугат суусунун жетишсиздиги, канализациянын, тротуарлардын жамандыгы эле эмес, таптакыр жоктугу, социалдык объектилердин, эс алуучу жайлардын жетишсиздиги, жол маселеси... Бул Кара-Суу районундагы маселелердин чети гана. Аталган көйгөйлөрдү жон терим менен сезе билем. Анткени ушул жерде туулуп-өскөм, киндик каным тамган, келечегимди дагы ушул аймак менен байланыштырам. Депутат болсом, муниципалдык кызматтар менен ишкердик мамилени бекемдейм. Бул кадам райондун эле эмес, бүтүндөй облустун көйгөйлөрүн ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жардам берет. Мага ишеним көрсөтүп, добуш бересиздер деген үмүттөмүн. Жогорку Кеңештин депутаты болууга билимим, кесипкөйлүгүм жана жашоодогу тажрыйбам жетиштүү деңгээлде бышып жетилди деп ойлойм.

Урматым менен Кубанычбек уулу Илимбек