Бакир Бакытбек

Мен, Бакир Бакытбек, 1961-жылы 12 ноябрда, Кара-Суу шаарында мамлекет кызматкеринин үй-бүлөөсүндө туулганмын. Атам- Эргешев Бакир ажы (1932-1986), апам -Айдошова Кайринса ажы (1932-2006ж). Жети бир тууганбыз.

1977-ж Кара-Суу шаарында Ленин атындагы N66 орто мектебин аяктаганмын. 1977-1981-жылдары Фрунзе автомобиль жана жол техникумун, техник-механик адистиги боюнча бүтүрдүм. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы КМУУнун, Оштогу ИИМОП филиалында, юриспруденция факультетин аяктадым.

Эмгек жолум 1978-жылы унаа тейлөөчү жумушунан башталган, анан Ош СМУ-3-тө  жумушчу. 1981-жылдан баштап  Кара-Суу РайПОсунда сатуучу, общепитте дүкөн башчысы,  1986-1988ж Отуз-адыр  Рабкообуна  караштуу Жаңы-арык жана Правда айылдарынын дүкөн башчысы болуп иштедим. 1988-жылы Карасуу районунун Жоош айыл өкмөтүндө "Жаштар эс алуу борбору"  видеокооперативтин башчысы анан 1992-1994 жылдары Ош Тамеки-ферментациялоо заводунда инспектор- контролер болуп иштедим.  Андан соң Кыргызстандагы чоң саясатына катышып, активдүү жарандык позициямды  көрсөтүп келдим. Мисалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Апсамат Масалиевдин ишенимдүү адамы катары шайлоого катышканмын. 1997-жылдан баштап

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү жыйынын  депутаты А. Төлөнөвтүн  коомдук жардамчысы болуп, элдин арыз муундары менен түз иштешүү үчүн Кара-Суу шаарында, Туратали  базарында Депутаттык кабылдама ачып 8 жыл жана Жогорку Кеңеште расмий түрдө юрист-консультант болуп 5 жыл иштедим.

Ошентип, Жогорку Кеңештин иши менен жакындан таанышмын. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Турсунбай Бакир уулу менен Толонов Арапбайдын шайлоо алдындагы штабтарынын 5 жолу жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер болгон Турсунбай Бакир уулунун шайлоо алдындагы штабын 1995ж баштап 4 жолу башкарып келгенмин... Президенттик жана парламенттик шайлоолордун адилетсиз натыйжаларына нараазы болгон 3000миңден ашык элди, 28 февраль  2005жылы, Кара-Суу райакимиаттын майданында, биринчи революцияга түрткү болгон,  тынчтык митингини уюштуруп, Штаб башчысы катары сот аркылуу шайлоочулардын укуктарын мыйзамдуу жол менен жактап берип, жеңишке ээ болгонбуз.

Өзүм экинчи  жолу КР ЖК-не, Кара-Суу N°9 шайлоо округунан (2021-жылы) депутаттыкка ат салышып жатам.

3 кызым, 2 уулум, 28 неберем, Аллахка шүгүр 2 чеберем бар. Азыркы кезде  бодо мал, жылкы багып, фермердик менен алекмин.

Хобби: бош убакытымда 2008ж баштап Ыйык Курандын маанисин (смысловой переводун) орус  тилине которуп жатамын жана ыр жазамын.

Биринчи ыр-жыйнагымды балдарым 2021-жылы  60-жылдыгыма "Замандаштын ыр жыйнагы "Сендабар"” аттуу 170 ырдан турган, орус тилинде китебимди  1000 дана   чыгарып беришкен.

Ыр саптары негизинен: ыйман, хадистер, бугунку жашоо турмуш, саясат, пандемия, шайлоо,  Кыргызстандын баатыр эли жана кооз  жаратылышына арналган.

2007-жылдан бери жүрөгүмөн бир нече  жолу операция жасалганына байланыштуу 2-группа майыптуулук менен пенсияга чыкканмын. Кыргызстандын тунгуч саясий партиясы - “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) партиясынын Саясий Кеңешинин 2020ж чейин  мүчөсү болуп, ЭРК Партиясынан 2 жолу төш белгиси менен сыйланганмын.