Социалдык маселелер:
Айыл чарбасын, тактап айтканда айыл чарба кредиттеринин жеткиликтүүлүгүн колдоо зарылчылыгы демилгеленет. Айыл чарба кредиттерин жөнөкөйлөштүрүү – жергиликтүү эмгек рыногунда жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана миграциялык агымдарды чечүүгө олуттуу таасирин тийгизет деп эсептейбиз. Ошондой эле жалгыз бой энелердин жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулат.
Билим:
Окуучулардын саны көп болгон мектептерде сөзсүз түрдө окуу сапаты төмөндөйт, мындан улам, мектептердин санын көбөйтүүнү сунуштайбыз, бул билим берүүнүн сапаттуулугуна алып келет. Ошондой эле, жеткинчек балдардын билим сапатын жогорулатуу үчүн чыгармачылык окутуу (кружок, тренинг, курстар) ыкмаларын иштеп чыгуунун үстүнөн да иштейбиз.
Инфраструктура:
Жер участокторунун маселесин КР Жер кодексине өзгөртүү киргизүү менен чечүүнү сунуштайм. Бул демилгенин негизинде жаңы конуштарды суу жана электр энергия менен камсыздаган мекемелерге конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө болжолдуу кирешелерди жана бюджеттерди түзүүнү камсыз кылат.
Ар бир үйдө жогорку ылдамдыктагы интернет:
Округтун ар бир үйүндө жеткиликтүү интернет болушу үчүн атайын программа иштеп чыгабыз. Бул программа интернет провайдерлерине турак жайларга туташуунун баасын төмөндөтүү үчүн субсидияларды берет. Бул программа аркылуу биздин райондун ар бир үйүндө интернет жеткиликтүү болот деген ишеничтебиз.
Жаштарды жана жаштар ишкерлигин колдоо:
Биз жаштар үчүн мүмкүнчүлүк борборлорун түзүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгесин сунуштайбыз. Бул программа жаштардын дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу ачууга багытталат. Бул жаштардын жеке жетишкендиктерин өнүктүрүүгө гана эмес, коомубуздун жаштар секторунун жалпы өнүгүүсүнө алып келет деп ишенебиз.