«Биздин өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсү айылдардан башталат»
Өлкө калкынын басымдуу бөлүгүн айыл жашоочулары түзөт, алар айыл чарбасы, багбанчылык, дыйканчылык менен иш жүргүзүшөт. Алар өздөрүнүн жашоосун өз алдынча жакшыртууга аракет кылышууда.
Мен Кыргызстандын ар бир айыл өкмөтү үчүн “Бир айыл – бир ишкана” долбоорун жүзөгө ашырам.
«Аймактарды өнүктүрүү»
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо бюджетин түзүү ыйгарым укуктарын аймактарга өткөрүп берүү.
- Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча функцияларды өткөрүп берүү.
- Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
- Айыл өкмөт башчыларын жарандар тарабынан шайланышына мүмкүнчүлүк берүү.
«Натыйжалуу айыл чарба»
Айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бюджеттин 10% кем эмес каражатын жумшоо керек.
«Саламаттыкты сактоо»
Айыл жергесине консультациялык диагностикалык борборду ачуу, анда жарандар керектүү болгон биринчи квалификациялуу медициналык консультацияларды жана жардамды акысыз ала алышат
Жарандардын социалдык статусуна, кирешесинин деңгээлине жана жашаган жерине карабастан, калкка медициналык кызматтардын жеткиликтүү кылуу.
«Билим берүү»
“Билимдүү улут – ийгиликтүү өлкө”