- Жергиликтүү өндүрүштү уюштуруу;

- Кичи-орто бизнести жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жолу менен айылды көтөрүү;

- Райондун ичиндеги айыл аралык жолдорду сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү;

- Жаш жеткинчек балдарды патриоттуулукка жана улутттук наркты, каада-салтты аздектөөгө үндөө;

- Саламаттыкты сактоо, билим берүү, коммуналдык чарба жана башка жааттардагы кызматтардын сапатын жогорулатуу;

- “ Туризм-түтүнү жок завод ’’ дегендей, туризмге өзгөчө көңүл буруу;

- Райондук жана айыл өкмөтүүк деңгээлдеги өз алдынча башкаруу органдары менен чет өлкөдөгү мекендштерибиздин байланышын күчөтүү;

- Албетте эл аралык ири чоң компаниялардан инвестиция тартуу керек. Бирок биздин ички инвесторлорубуз болгон чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалуунубуз зарыл;

- Кыргыз тилин, улуттук маданиятыбызды бир эле Кыргызстандын ичинде эмес, чет өлкөдөгү мекендештерибиздин арасында сактоо жана жайылтуу;

- Миграция жаатындагы мыйзамдарды көбөйтүү, күчөтүү жана аткарылышын көзөмөлдөө;

- Мекендештерибиздин айылда калып кеткен ата-энелерине, “ тирүүлөй жетим ” атыккан балдарына көңүл буруу;

- Кыргызстанга жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө биздин мекендештерибиз аркылуу чет элдиктердин көңүлүн бурдуруу;

- Боордошторубуз болгон, этникалык кыргыздардын адаптациясына жана интеграциясына шарттарды түзүү;