-Жогорку Кеңештин сессияларынын жана анын органдарынын жыйналыш тарынын ишине активдүү катышууга.
-жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстар аркылуу шайлоочуларды алардын ишинин натыйжалары менен тааныштыруу.
-коомдук пикирди жана шайлоочулардын мандаттарын эске алуу менен өзүмдүн шайлоо алдындагы программамды жүзөгө ашыруу.
- өз округумдун эн маанилүү социалдык проблемаларын чечүү.
- калк менен жолугушууларды тез-тез уюштуруу.
Биздин өлкөдөгү ар бир адамга кесибине, жөндөмүнө жана тажрыйбасына ылайык татыктуу жумушту тандоодо, бардык түзүмдөр, ишкердиктер үчүн тең баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү, социалдык акыйкаттуулукту орнотуу менен гана жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү жетишүүгө мүмкүн.
Эгерде шайланып калсам, жоопкерчиликти жана милдетимди сезип, райондун шайлоочулары менен жемиштүү кызматташып, алардын эркин билдирип, таламдарын коргоого болгон аракетимди жумшайм.