- Заманбап мамлекет жана инсандын кол тийбестигин камсыз кылууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгуу;

- Демократия үчүн.  Элдин үнүн Жогорку Кеңештин трибунасы аркылуу бийлик органдарына жеткирип туруу;

- Кесипкөй армия үчүн. Кыргыз Армиясын күчтөндүргөнгө бүткүл мүмкүнчүлүктөрдү жумшоо;

- Активдүү өнөр жай саясаты үчүн. Бул багытта жаңы ачылган ишканаларга преференцияларды кароо, товарларды экспортко чыгарууда көмөктөшүү жана эл аралык байланыштарды күчөтүү;

- Заманбап транспорттук инфраструктураны түзүү үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдү, айланма жолдорду куруу жана шаардын четинде заманбап автобекеттерди уюштуруу;

- Чакан жана орто ишканаларга чыныгы колдоо көрсөтүү үчүн  насыя берүүдө тоскоолдуктарды жаратуучу укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизип, насыя алуу механизми жөнөкөйлөштүрүү;

- Эмгек укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу;

- Билим берүүнү жана спортту өнүктүрүү;

- Саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртүү үчүн медицина тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо;

- Маданиятты өнүктүрүү үчүн маданияттын фундаменталдык мааниси жана ролу жөнүндөгү түшүнүктү көтөрүү;

- Айлана-чөйрөнүн тазалыгы үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча программаларды ишке ашырууга көмөктөшүү.